Л. А. Щульгинанын жыйнагына киришүү жана жалпы редакциясы icon

Л. А. Щульгинанын жыйнагына киришүү жана жалпы редакциясы


1 чел. помогло.
Similar



страницы:   1   2   3   4
Окуучуларды көп маданияттуулукка тарбиялоонун алкагындагы сабактардын

жана сабактан тышкаркы иш-чаралардын усулдук иштелмелер жыйнагы


КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН ДИАЛОГ


Л.А. Щульгинанын жыйнагына киришүү жана жалпы редакциясы


Кеңешчилер:


Глушкова М.Ю., биология илимдеринин кандидаты, Социалдык интеграциялоо борборунун программалык директору

Задорожная Н.П., педагогика илимдеринин кандидаты, Борбордук Азиядагы Америка университетинин Сын ой жүгүртүү лабораториясынын илимий кызматкери

^ Кумскова Н.В., философия илимдеринин кандидаты, Кыргыз - Россия славян университетинин тарых жана маданият таануу кафедрасынын доценти


Рецензенттер:


Марченко Л.Ю., Кыргыз илим берүү академиясынын тарыхый-коом таануу бөлүмүнүн илимий кызматкери

^ Захарова А.Е., тарых илимдеринин кандидаты, КРнын ИУАнын түштүк бөлүмүнүн улуттар аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн башчысы


Бул усулдук иштелменин максаты – Борбордук Азия акындарынын, философторунун жана маданият кызматкерлеринин чыгармачылыгы жөнүндө маек аркылуу өсүп келе жаткан муундарды дүйнөлүк маданияттын, толкранттуулуктун жана жарандык сезимдин рухунда тарбиялоого өбөк болуу. Иштелме республиканын жалпы илим берүүчү мектептеринин ортоңку жана жогорку баскычтарында иштөөчү мугалимдерине, ошондой эле жогорку окуу жайларында биринчи жана экинчи курстун студенттери менен иш алып баруучу педагогдорго арналат.


Мазмуну:


  1. Маданий мурас: келечек үчүн диалог (Колесникова Ю., Шульгина Л.) ........................

Жолго насаат……………………………………………………………..

Учурашуу-оюну…………………………………………..

«Дүйнөнүн символдору» көнүгүүсү……………………………….

«Ооба! Жок! Мүмкүн»» дискуссиясы……………………………………….

«Дүйнөнүн маданияты» - мугалимдин маалыматтуу билдирүүсү ………

«Жети түстүү гүл» - кичи топтордо иштөө ………………………………

«Түбөлүк чындыктарбы?!..» - Насири Хусрав менен Жусуп

Баласагындын чыгармачылыгы жөнүндө дискуссия……………………..

Чыгармачыл лаборатория…………………………….................................

«Кыргызстан – биздин жалпы үйүбүз» - резюме ……………………………

Коштошуу-оюну……………………………………………………………….

Сөздүкчө…………………………………………………...................................


^ II. Чыгыштын поэзия дүйнөсүнө саякат

(Азиянын жүрөгүнөн чыккан ырлар) (Марченко Л.) ….................................………..…

Ар түркүн жана ажайып кооз дүйнө!...................................................................

Чыныгы сөз чеберлери - Нодира, Увайси, Махзуна жана Дилшод ………

«Келгиле Чыгы акындарынын таймашына катышып көрөлү!».......................

Чыгармачылыкка берилип…………………………………………………….

Кылымдардын поэзиялык айкашы………………………………………

Бир аз тарыхтан ……………………………………………………………....

Чакан сөздүк……………………………………………………………..


III. Улуу манасчы Саякбай Каралаев (Ставская Л.)……………

Көнүгүү – оюн башы …………………………………………………

Сөз баштайлы! ….……………………………………….

Чебердин өмүрү жана чыгармачылыгы ……………………………

«Манастын белгисинин сыры»... ………………………………………

Ой жүгүртүп, талашып, ырастай турган мезгил келди……………

Көрсөтмө куралдар, материалдар жана ОТК:…………………………


IV. Токтогул Сатылганов – демократ-акын (Осмонова П.)...........................

Биринчи сабак..................................................................................................

Экинчи сабак....................................................................................................

V. Чыңгыз Айтматов – Кыргызстандын улуу жараны (Марченко Л.)…

^ САБАКТЫН I – IV КЛАССТАРДА ӨТКӨРҮЛҮШҮ………………….…

САБАКТЫН V – IX КЛАССТАРДА ӨТКӨРҮЛҮШҮ………………….…….

САБАКТЫН X – XI КЛАССТАРДА ӨТКӨРҮЛҮШҮ………………….……

Жазуучунун омур-баяны...………………………………………………

Ч. Айтматов. Республика сыймыгы……………………………………

Чынгыз Торокулович Айтматов жонундогу материалдар..........….............


^ Кириш сөз

Азыркы мектептерге карата талаптар абдан жогорулады – аны менен эбегейзис зор маалымат агымдары, массалык маданият өндүрүмдөрү атаандашып, диний агымдар алардын ордун ээлегенге аракет кылышса, анда «өткөөл мезгилдин» бардык көйгөлөрү чагылууда. Кыргызстандын мектептери мындан четте эмес. Дагы бир мектепке тиешеси бар маселе, тилекке каршы, мезгил мезгили менен пайда болуп турат. Бул тынчтык канчалык бекем эместигин жана ал тез эле арада элдердин тирешүүсүнө айланып, келечеги белгисиз экендигин эскерип турган улуттар аралык мамилелердин маселеси. Маселе тынчтыкты жана биримдикти сактоодо гана эмес, акыркы ондогон, мүмкүн миңдеген жылдары ушул көп улуттуу кайталангыс аймактын маданий чөйрөсүндөгү элдердин мамилесинде болгон бардык оң көрүнүштөрдү сактап калууда турат.


Бардык мезгилде жана бардык элдерде мектеп өз муундарына жөн гана илимдердин негиздерине үйрөтпөстөн, келечекте коомдо жашаган жаранга керектүү болгон нерселерди берүү менен аларга жардам кылууга аракеттенип келген.


Бирок балдарды курчап турган татаал жана көп кырдуу дүйнөнү мектеп сабактарына сыйдыруу өтө татаал. Анан калса, мектепте окуу убактысынын көпчүлүк бөлүгүн так илимдер математика, физика, химия… ээлейт. Балдарды ой жүгүртүүгө кантип үйрөтүү керек? Өз көз карашын аныктап билүүгөчү? Ал көз карашты «түбөлүк чындык» менен шайкеш келтирип, же так жообун кээде эч ким билбей турган суроолорду талкуулоого кантип үйрөтсө болот?


Сиздин колуңузга тийген бул иштелме авторлордун жогоруда аталгандардын үстүндө ой жүгүртүүгө жасаган аракеттери… Биз мугалим бардык форматта: сабактын шартында, тематикалык класстык саатта, дискуссия учурунда ж.б. колдоно алгыдай курал болуучу жана ар бир мугалим каалап өзүнө тандап ала турган балдар менен түбөлүк чындык тууралуу маектин бир түрүн табууга аракет кылдык. Бирок мугалим менен окуучу жаңы ачылыш жолунда бирге баса турган баарлашуунун мындай түрү башкача көз караштын, башка мамиленин шартында гана мүмкүн экендигин моюнга алуубуз керек. Бул методикалык көз караштын аталыштарынын бири кызматташтык педагогикасы. Мындай көз караштагы педагогикалык аракетте көнүмүш болуп калган жөн гана билим берип коюу механизми иштебейт. Мында мугалим менен окуучу биргелешип эмгек кылып, чогуу чыгармачылык сапар тартышат. Натыйжада Билим менен Натыйжага жетишип, эми турмушта колдонууга мүмкүн жана маанилүү болгон жөнөкөй жана татаал Чыныкты өздөштүрүшөт.


Бул жыйнактын «Келечек үчүн диалог» деп аталышы, жана Борбордук Азиянын тандалып алынган акындары менен философтору кокусунан эмес. Бул балдар мене адамзатты бардык мезгилде тынчсыздандырып келген Түбөлүктүү Маселелерди – биз ким экенибизди, кайдан келгенибизди жана кайда барарыбызды – талкуулоого жасаган аракет. Бирок бил китепти аягына чейин окубастан четке таштоого шашылбаңыз! Коозголуп жаткан теманын олуттуулугу сизди тынчсыздандырбасын, биз муну кызыктуу, оюн түрүндө жасап көрүүнү сунуш кылып жатпайбызбы! Татаал жана бир караганда ой жеткис нерселер жөнүндө жөнөкөй сөз кылууга мүмкүн экенигин, «жупуну нерселерге» маани берүү олуттуу экендигин жана өзүңдүн ички дүйнөңө көз чаптырып же курчап турган дүйнөгө таптакыр башкача көз чаптырууга болорун балдар байкабай да калышат!...

Мүмкүн ошондо «диалог» өмүрдүн акырына чейин созулат…


Колесникова Ю.

Шульгина Л.


^ Түркүстандын маданий мурасы: келечек үчүн диалог

Жалпы билим берүүчү мектептердин 10-11-класстарында тарбия иштерин жүргүзүү боюнча мугалимдер үчүн услулдук иштелме


Форматы: кластык саат, поэтикалык мейман үй, тематикалык сабак, семинар-тренинг ж.б. (мугалимин тандоосуна жараша).


Усулдук иштелме катары сунуш кылынып жаткан материал менен иштөө мугалимдин таноосуна жараша болгонуктан, сөзсүз толук бойдон пайалануу милдет эмес. Өткөрүлүүчү иш-чаранын форматына жараша материалды жарым жартылай колдонуп же өз каалоосу боюнча башка нерселер менен толуктаса болот. Интерактивүү аракеттердин (оюндардын, көнүгүүлөрдүн, дискуссиялардын) саны да коюлган максатка жана иштин таналып алынган түрүнө жараша болот.

Мисалы, поэтикалык мейман үй тандалып алынса, адабийү дискуссияга басым жасалышы мүмкүн, эгер тематикалык сабак таналса, анда материал сабакка берилген теманын алкагында болот.



^ Жол акыл…

Эркин баарлашууга жана өз ара аракеттешүүгө багытталган класстан тышкаркы бардык иштерди өткөрүү өзгөчө атмосфераны – бири бирине ишенүү жана чыгармачылык атмосферасын талап кылат. Мындай чөйрөдө өспүрүм өзүн эркин сезип, жеке көз карашын айтууга жана аны коргоого, башкалардын пикирин угууга үйрөнүп, диалог түзүүдө, тегеректеги адамдар менен, эң биринчи кезекте өзү менен тынчтыкта тил табышып жашоодо баа жеткис тажырыйбага ээ болот. Мына ошошл себептен балдар бири бири менен көп убакыттан бери тааныш болгонуна карабастан, Сиз тандап алган иштин бардык түрүн бири бирине ишеничтик жана чыгармачылык чөйрөнү куруудан баштоо зор мааниге ээ.

Сиз даярдаган жолугушууга келүүчү жогорку класстарын окуучулары эмне иш кылышарын азырынча билишпейт, орто кылымдын акындарынын аттары алар үчүн эч нерени билдирбейт, ал турсун мүмкүн ал аттарды балдар биринчи жолу угушуп же иш-чарага атайы даяралган материалардан биринчи жолу көрүп жатышкандыр. Окуучулар баягы эле көнүмүш сабак болуп, адаттагыдай эле угуучуларын ролун аткарып, мугалимин берген тапшырмаларын аткарабыз еп ойлошот…

Мына ошонуктан жолугуунун эң башына эле мындай стереотипти жоюу манилүү!

Балдарны жашоосунда зор маанилүү окуялар – турмуштун татаал суроолоруна биргелешип жоп издөө, «өзүн өзү» издөө жүрө турган аудиториядан баштайлы. Ала адаттагы класстык бөлмө эмес, балдары тегере отургузууга мүмкүн болгон, бири башкасынан артык абалда болбой турган, «биринчи парта», башкаларын артына жашыны, унчукпай койчу «арттагылар» деп жок жер баарынан дурус болот. Тегерете отуруу эле белгилүү бир жоопкерчиликти билдирип, адатта жогорку класттардын окуучулары аны канчалык күтүшсө, ошончолук коркушат да!

Аудиторияда жогорку класттардын окуучулары иштин жүрүшүндө чакан топтордо иштеп, бир нерселерди талкуулап, ойлоп таап же сүрөт тарта турган бир нече столдор болушу керек. Бирок ал столдор өз турушу менен тегерете коюлган отургучтардын иретин бузбагыдай болушу керек. Ал эми отургучтар бардык багытта эркин жылдырылып, чакан тегерекчелерди түзүүгө ыңгайлуу болушу зарыл.

Аудиториянын же класстык бөлмөнүн дубалдары да «жалпы ийгилик» үчүн иштеши керек: жок дегенде дубалдардын бири бош болгону жакшы. Ага портреттерди, флип-чаттарды (ватман кагаздарды), сүрөттөрдү ж.б. иштерди илсе болот. Иштин бир түрүнөн экинчисине өткөндө иштетилген материалдарды такыр алып салуунун кереги жок, аларды жөн гана четке жылдырып коюу керек. Бул балдарга иштин акырына чейин жалпы аракеттин жигин жоготпоого жардам берет.

Эң көрүнүктүү жерге балдар менен биргелешип өткөргөн убактты ндөй коштоп жүрө турган Сиз өткөрүп жатка ниш-чаранын аталышын илип коюу зарыл.

Жана, акырыныда, ийгиликтин кичинекей сыры: эгер Сиз уюштурган тегеректин ортосунда баарына арналган жана баарын жакындата турган нерсе, мисалы, баары менен бөлшүүгө болчу маркерлерден курулган «кудук», үйүлгөн момпосуй же тегерек нан турса, биргелешип издөөнүн жана ачылыштардын жолу бир топ жеңил жана шайыр болот!...


Учурашуу-оюну


Өткөрүү убактысы: 5 - 7 мүнөт

Өткөрүү шарты:

Иштин эң башында жалпы учурашуудан кийин, мугалим кластты 5-6 кишиденк кылып чакан топторго бөлөт. Бул үчүн албетте, салт болкп калгандай биринчи, экинчи, үчүнчү … деп снашса болот, бирок чакан топторду түзүү үчүн түстөрдүн (мисалы, балдарга ар түстөгү кагазчаларды же башка нерсени таратып берсе болот) же балдарды топторго тез бөлдүрө турган тааныш оюндарды пайдаланса мыкты болот.

Ошентип түзүлгөн чакан топторго тапшырма берилет: бир мүнөттүн ичинде ар бир топ үн чыгарып учурашууну ойлоп табуусу керек. Бул бир топтун калган топторго карата бир нече сөздөн турган каалоо-тилеги, колдоосу же сүрөөсү болушу мүмкүн.

Бардык топтор бул тапшырманы аткаргандан кийин, мугалим топторду атап чыгат. Ага жооп кылып ар бир топ өзү ойлоп тапкан учурашууну айтат. Алардын ар бири кол чабуулар менен аякташы керек. Бул бирнече мүнөттө эле бардык катышуучуларда жакшы маанай тартуулайт!


^ Мугалимдин топтомуна

Ар бир бааралашуу учурашуудан башталат. Бизге күнүнө канча жолу учурашууга туура келет. Учурашуу биздин башка адамдаога болгон мамилебизди көрсөтөт. Ал аз сөздөн турса да, көп нерсени билдирет.

Ар кайсы элдерде миңдеген жылдар ичинде учурашуу ар кандай түрлөргө ээ болуп өзгөрүп турган. «Малыңыз аманбы?» - деп Байыркы Кытайдын, Монголиянын, Египеттин элдери бири-бири менен учурашчу. Же башка мисал: «Сиз бүгүн тамактандыңызбы?». Мунун себеби – көчмөн монгол Адамы үчүн мал – жашоонун негизи. Мал аман болсо, тамак-аш жетиштүү, демек, үй-бүлө бейкут жашайт. Мына ошон үчүн малчынын төрт буттуу багуучусуна амандык тилөө анын өзүнө ден соолук тилөө менен барабар. Азыркы күнгө чейин эң кызыктуулардын бири болуп африкалык уруулардын учурашуусу эсептелет. «Мен сени көрүп жатам» деп зулустар бири бири менен учурашат. Ал эми Кенияда Акамба уруусу терең урматын билдирүү иретинде жолуккан адамга түкүрүшөт, ал эми Маски уруусунун өкүлү биринчи түкүрүнүп, анан өз алаканына түкүрүп, андан кийин гана өз колун кысууга берет. Замбезиде алакандарын чабышып, буттарын бүгүп жүгүнүшөт.

Еврей болсо учурашып жатып «сизгк тынчтык каалайм» деп айтат, ал эми перс «көңүлүңдүн ачык болушун» тилейт, арабдар колдорун көкүрөгүндө кайчылаштырышса, түркмөндөр колдорун узун жеңдерине кайчы соцлотушат, кытайлыктар болсо колдорун ылдый сунган абалында жүгүнүп салам айтышат. Абхаздар жакын тааныштыра жана туугандары менен кол берип учурашышат. Индейлердин айрым урууларында бейтааныш адамды көргөндө ал адам жакындап келип тигини байкаганга чейин чөктүшүп отурура беришет. Кээ учурда индейликтире учурашуу үчүн бут кийимдерин чечишет. Тибеттиктер жолугуканда биш кийимдерин оң колу менен чечип, сол колун кулагынын артына кармашат да, тилдерин сунушат. Япондуктарда учурашуу үчүн жүгүнүүнүн үч түрү бар - сайкэйрэй (эң ылдый жүгүнүү), орточо жүгүнүү – отуз градус бурчтукта, жана жеңил жүгүнүү – он бкш градус бурчтукта. Гренландиялыктарда учурашуу үчүн атайын сөз жок, бирок бирөөгө жолукканда сөзсүз «Бүгүна ба ырайы жакшы» деп айтуу салтка айланган. Бул сөздүн мааниси аба ырайынын абалына гана тийиштүү эмес жана «Дүйнө ажайып» дегенди билдирет. Самоалыктар учурашуу учурунда бири бирин жыттагылашат.

Тажиктер, өзбектер, кыргыздар жана Чыгыштын көптөгөн башка элдери учурашуу үчүн колдорун көкүрөгүнөн бир аз ылдый кармап жүгүнүшөт. андан кийин колун көкүрөгүнөн албастан, «Ассолом алейкум» - «үйүңүздө тынчтык болсун» деп айтып эки колун тең сунушат. Мындай каалоодон жакшы эмне бар!?

Азыркы мезгилде учурашуунун түрлөрү универсалдуу болуп калды, ошентсе да аларда өзүлөрү пайда болгон маданияттын изи сакталып калган: латын америкалыктар кучакташып учсурашса, французда бири бирин бетинен өбүшөт, жаш америкалык өз курдашы менен учурашып жатып ,аны ийинге чапкылайт.

Кыргызстанда ар кайсы аймактардын өкүлдөрүнү аталган учурашуулардын баарын кездештирсе болот. Мисалы, жаш кыргыз кыздар Бишкекте кол алып учурашып, анан кушакташып, бири бирин өбүшөт. Муну менен алар өзүлөрүн жакшы мамилелерин көрсөтүшөт. Жаш уландар болсо жөн гана кол кысып учурашып, ийинге чапкылап коюшу мүмкүн. А силерде кантип учурашышат?


«Дүйнөнүн символу» көнүгүүсү


Өткөрүү мөөнөтү: 15 мүнөт

Зарыл материалдар: 5-6 топтун иштөөсү үчүн фломастерлер жана ватман барактары, скотч.

Өткөрүү шарты:

Балдар мурдатан калыптанган топтордо иштөөнү улантышат. Аларга төмөнкүдөй тапшырма берилет: 5 мүнөттүн ичинде берилген материалдарды колдонуп, схемалар менен сүрөппөтдүн жардамы менен дүйнөнү адамдардын, элдердин жана мамлекеттердин ортосундагы мамилеге мүнөздөмө катары сүрөттөп берүү керек. Тапшарманы аткарып, ар бир топ кезек менен өз ишинин натыйжасын көрсөтөт.

Ар бри плакат мурункунун катарына тактага илинип, сабактын аягына чейин калат.

Мугалим топтордун презеньацияларын жыйынтыктап мындай учурларга мүнөздүү болгон символикаларга (балдар адатта күндү, ачык асманды, гүлдөрдү, кыса кармашкан колдорду ж.б. бакытты жана бейкуттукту сүрөттөө үчүн колдонулуучу нерселерди тартышат) басым жасап, дүйнөнү элестетүүдө биз баарыбыз бири бирибизге абдан окшош экендигибизди белгилейт. Мындан кийин дискуссияга өтүү сунуш кылынат.


Дискуссия «Ооба! Жок! Мүмкүн…»


Өткөрүү мөөнөтү: 15 мүнөт

Зарыл материалдар: ООБА! ЖОК! МҮМКҮН … деген жазуулар бар 3 кагаз, скотч, алдын ала даярдалган суролор жазылган баракчалар.

Өткөрүүнүн шарты:

Мугалим үч жазуунун ар бирин класстын үч жерине жайгаштырат. Балдар суроону кунт коюп угуп, уккан ырасттоо менен макул же макул эместигине жараша: ооба, толук макулмун; жок, эч макул эмесмин; күмөнүм бар, айта албайм деген позицияны ээлеши керек.

Бул көнүгүү жолугушуунун башынан бери биринчи жолу балдарды үч теңдешсиз топко бөлөт: алардын пикирлери «келишпей калат»! Тиги же бул топ көп санда же аз санда болуп каларынан коркуунун кереги жок. Позициялар ээленгенден кийин, мугалим ар бир татптын өкүлдөрүнө өз пикирлерин айтууга мүмкүнчүлүк берет. Дискуссияны макул болбогондордон баштаган туура, мында балдарга өз каалоолору боюнча пикирлерин коргоо сунуш кылынат. Дискуссиянын жүрүшүндө катышуучу өз көз карашын өзгөртүп, башка тарапка эркин өтүп кете алат. Бул көнүгүүнүн технологиясы өзү эле балдарды ойлонууга, өз көз карашын аныктап, ан «коргоого» жана өз пайдасына керектүү аргументтерди табууга мажбур кылат. Бул көнүгүүнү өткөрү учуурунда ар дайым дискуссиялар жана талаш-тартыштар пайда болот. Балдарга жардам бериңиз, алар менен бириге керкектүү сөздөрдү табууга, аларды элдештирүүгө, алар карама-каршы көз караштарды тандап алгандарына карабастан, айырмачылык эмес, алардын ортосунда окшоштук көбүрөөк экендигин көрсөтүүгө аракет кылыңыз. Жана сизге юмор … дайыма чоң жардамчы болорун эсиңизден чыгарбаңыз!


Дискуссия үчүн мүмкүн болуучу ырастоолор:

  1. Бул дүйнөдө мен өзүмдү ыңгайлуу сезем

  2. Мен бул дүйнөнү өзгөртө алам

  3. Адабият менен искусство бул дүйнөдө болуп жаткандарга таасир кыла алат


Көнүгүүнүн акырында мугалим кайрадан талкууга жыйынтык чыгарып, тынчтык жана зомбулукка барбоо маданияты жөнүндө сөз боло турган кийинки баскычка өтүүнү даярдайт. Ал маданиятка тарбиялоонун жолдорунун бири адабият болуп эсептелет.


«Тынчтыктын маданияты» - мугалимдин маалыматтык билдирүүсү


Мугалимдин казынасына

Адамзаты согуш менен зомбулуктан чарчады. Азыр, дүйнөдө болгон бир катар оор трагедиялардан кийин, көпчүлүк адам, эгер биз жашагыбыз келсе, согуш жарыялоону гана токтотпостон, ой жүгүртүүбүздү жана жашообузду, адамдардын, элдердин ,мамлекеттердин арасындагы мамиленин мүнөзүн өзгөртүшүбүз керкетигин түшүнүп калды. Башкача айтканда, биз башка маданий абалга өтүшүбүз керек. Жана Зомбулуктун жалган маданиятына каршы тынчтыктын жана зомбулуксуздуктун маданиятын куруунун глобалдуу идеясын аныкташыбыз керек.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын колдоосуна ээ болгон ЮНЕСКОнун сунушу менен 2000-жыл Тынчтыктын маданиятынын урааны астында өттү. ал эми жаңы кылымдын биринчи он жылдыгы дүйнөнүн балдарынын кызыкчылыгы үчүн Тынчтыктын жана зомбулуксуздуктун он жылдыгы деп жарыяланган.

«Тынчтыктын маданияты» деген түшүнүк «маданият» деген сөздүн жалпы кабыл алынган көркөм-чыгармачылык чөйрөсүнө тийиштүү маанисине жана Аалам маанисине тууа келбейт. Кеп тынчтыкка жана зомбулуксуздукка багытталган цивилизацияны түзүү жөнүндө болуп жатат. «Тынчтыктын маданияты» – бул баалуулуктарга умтулуунун, көз караштардын, үрп-адаттардын, жүрүм-турум жана жашоо түрлөрүнүн айкашы» – деп айтылган 1998-жылдын 10-ноябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 53-сессиясында кабыл алынган тынчтыктын маданияты жөнүндө декларациясында.


^ Башкы түшүнүктөр: тынчтык, зомбулуксуздук, толеранттуулук, адам укуктары, туруктуу өнүгүү, демократия, эркин маалымат алмашуу, эркек менен аялдын тең укугу, тилектештик.


Адамдын аң-сезими, баалуулуктары, адеп-ахлак жана жүрүм-турум жөнүндө кеп болгон жерде, албетте, чечүүчү факторлордун катарына билим кирет. Бүгүнкү балдар бой жеткенде зомбулуксуздук, толеранттуулук, адам укугу менен эркиндигинин артыкчылыгы ж.б. баалуулуктар жөнүндө түшүнүктөрү болушу керек.

Уинстон Черчиллдин: «Мугалимдер премьер-министрдин уктаса түшүнө кирбей турган бийликке ээ!» деп айткан сөздөрү белгилүү. Бул көркөм салыштыруу мугалимдин адам менен коом үчүн эбегейсиз зор маанилүүлүгүн билдирет. Педагогдун авторитаризми Кыргызстандагы дкмократияга жана жарандык коомго карата жолдогу айкын тоскоолдук болуп эсептелет. Ошондуктан педагогдор үчүн окуучулар менен ишеничтүү, тең укуктуу мамиле түзүү абдан чоң мааниге ээ.

Тынчтык жөнүндө илимге ылайык, ХХ кылымдын ортосунан бери активдүү өнүгүп келе жаткан, согушту коштоп жүрүүчү, ад эми кээ учурда аны пайда кылуучу «душмандын образы» атайы бурмаланган маалыматтын таасири астында же элдерди бири бири жөнүндө билбегендигинин натыйжасында калыптанган. Кыргыз акыны Токтогул Чатылганов белгилегендей, жек көрүү «элдердин туура эмес калыптанган пикиринин эң чоң булагы. Ал эми элдер бири бирине сый мамиле кылышы үчүн алар болгону бири бири жөнүндө көбүрөөк билиши керек». Б.а. жер шарынын элдери жана өлкөлөр жөнүндө кенен, ар тараптуу жана чыныгы маалымат тынчтыктын маданиятына тарбиялоонун шарты болуп эсептелет.


«Жети түстүү гүл» көнүгүүсү


Өткөрүү мөөнөтү: 15 минут

Зарыл материалдар: фломастерлер, түстүү барактар (ватмандан тегерекчелерди кесип алып, четтерин жети башка түскө боёп койсо болот), скотч.

Өткөрүүнүн шарты:

Мугалим окуучуларды 7 топко бөлөт. Балдар «башынан өткөргөн» дискуссия, мугалимдин маалыматтык билдирүүсү белгилүү бир эмоциялык курч абалга алып келет – азыр кандайдыр бир кыймылдуу оюн эң орундуу болор эле. Анын жүрүшүндө балдар бир аз эс алып, жана натыйжада жети кичи топ калыптанат.

Ар бир топко иштөө үчүн фломастерлер жана түстүү барактар таратылып берилет. Мугалим белгилеген убакыттын ичинде балдар «Тынчтын маданияты» деген түшүнүкКө аныктама берип, ал аныктаманы ватман барактарына жазып, жалпы класска өз ишинин натыйжасын көрсөтүп айтып беришет.

Бардык аныктамалар тактага «жети түстүү гүл» түрүндө илинет.

Топтордун презентацияларынан кийин мугалим аталаган көнүгүүнүн жыйынтыгын чыгарып, балдардын көңүлүн аныктамаларлын окшош жактарына бурат. Жана бул Тынчтыктын маданиятына кичине балдардын берген аныктамалары экендигине карабастан, алардын олуттуу манилерин баса көрсөтүү менен, балдарды мактап, «тынчтыктын маданияты» - бул биздин жүрүм-турумубуз, ой жүгүртүүбүз, күндөлүк турмушта кармануучу баалуулуктарыбыз экендигин баса белгилөө зарыл.


«Түбөлүк чынлыктар?!..»

- Насири Хусрав менен Жусуп Баласагындын чылармачылыгы

жөнүндө дискуссия


Насири Хусрав менен Жусуп Баласагындын чылармачылыгы жөнүндө кепке өтүп жатып, мугалим төмөндө келтирилге маалыматты колдонсо болот..

^ Мугалимдин куржунуна

ЮНЕСКОнун чечими менен 2003-2004-жылдар орто кылымдын тажик-перс маданий жана илимий ишмери Насири Хурасавдын юбилейи деп жарыяланган. XI кылымдын акыны, философу, саякатчысы Насири Хусраванын аты тогуз жүз жыл бою ар кандай уламыштар менен курчалып келген. Насири Хусрав калтырган бай мурастын айрым бөлүгү биздин заманга чейин сакталып калган. Биздин республикада «Насири Хурасавдын 1000 жылдыгы: Борбордук Азиянын маданий мурасы жана келечек үчүн диалогду өрчүтүү» деген кенен долбоор башталган.

Бул долбоордун алкагында бир катар иш-чаралар ишке ашырылган. Алсак, 2004-жылдын 25-26-ноябрында улуу акындын, окумуштуунун, саякатчынын чыгармачылыгына арналган эл аралык конференция жана адабий окуу кечелери өткөрүлгөн. Китеп көрөгзмөсү жана кыргыз, тажик элдик музыкаларынын концерти уюштурулган. Аталган иш-чаралар Насири Хурасавды кыргызстандыктар үчүн ачып берүүгө жана ал көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон орто кылымдын акындары менен философторунун адабий мурасын окуп үйрөнүү аркылуу Орто Азия элдеринин маданияттарынын ортосунда диалогду өнүктүрүүгө багытталган эле.

Биздин иш-чарабыз да улуу акын-философтун чыгармаыл мурасын жалпы Орто Азия маданиятынын алкагында изилдөөгө арналган.


«Географтын» комментарийи

Бул география мугалими же балдардын ичинен Борбордук Азиянын картасы боюнча орто кылымдагы акындардын саякат жолун көрсөтө ала бирөө болушу мүмкүн. Муну картага «желекчелерди» же жебелердин или менен көрсөтсө болот.


«Тарыхчынын» комментарийи

Бул тарых мугалими же алдын ала даярданган окучу болушу мүмкүн. Комментарийди даярдоодо төмөндөгү малыматты колдонсо болот.


^ Мугалимдин усул казынасына

Улуттук өнүгүү жана маданияттар аралык диалогду куруу маселелинин актуалдуулугу акыркы кездерде өсүп бара жатат.

Глобалдашуу процесстери, дүйнөлүк экономиканын азыркы өрчүш багыттары, малыматтын жыштыгы, массалык маданияттын өнүгүүсү нүгүүсүны глобализации, современные тенденции в развитии мировой экономики, элдердин жана алардын турмуш өзгөчөлүктөрүнүн ортосундаг айырмачылыкты жокко чыгарып келет, ой жүгүртүү жана жүрүм-турум жалпы стандарттык мү жалпы стандарттык мүнөзгө ээ болуп, адамзат унифкацияланып баратышы байкалат. Глобалдашуунун жүрүшүндө нааразылык билдирүүнүн терроризм сыяктуу түрү курчуп, ал акыркы кездерде мапссалык таасир кылуу күчүнө ээ болуп калгандыгын байкабай коё албайбыз. Террористтик аракеттер диний жана улуттук негизде болуп жаткандыгы тынчсыздандырат. Жер шарынын тиги же бул бурчунда чыга калып жаткан улуттар аралык чыр-чатактар эл аралык курч абалдын чыныгы күчөткүчүнө айланып, жер шарында бейкуттукту бузуучу күч болуп баратат.1

Ушундай шартта улуттардын көп түрдүүлүгүн, маданияттардын айырмачылыктарын, ар бир элдин бөтөнчөлүгүн сактап калуу жана ачып көрсөтүү манилүү болуп эсептелет. Буга «башканы» сыйлоо жана түшүнүп мамиле кылууга тарбиялоо аркылуу гана жетишүүгө болот. Коомдун маданияты – бул «башка көз караш» менен бирге келишип жашоо, башканы жана «жашоону жашоону башкача кабыл алууну» таануу маданияты экендигин түшүнүү азыркы кезде тез өзгөрүп жаткан, ошол эле учурда назик, оңой дүйнөдө өзгөчө маанилүү. Адамда жалпы бүтүн нерсеге тиешеси бар деген сезимди тарбиялап, «башкага» муктаж экендигин сезүүгө үйрөтүү жана «бөтөнчөлөнгөн» маданиятты таанып билүүнүн манилүүлүгүн (пайдалуулугун) көрсөтүү зарыл. Ушуга байланыштуу дүйнөгө белгилүү антрополог К.Леви-Стросстун: «Айырмачылыктарды ачып таануу – жаңы тоскоолдуктарды эмес, жаңы байланыштарды ачуу болуп эсептелет» деп айткан сөздөрү орунду жана актуалдуу сезилет.


^ Мугалимдан куржунуна

Насири Хусравдын доору

Х-кылымдан тартып ислам таасирине кабыл болгон өлкөлөрдүн маданий турмуштарында терең өзгөрүүлөр жүрөт. «Мусулмандык Ренессанс» - орто кылымдагы Чыгыштын маданиятынын гүлдөп өрчүү доору башталат. Анын гуманитардык чөйрөдөгү жетишкендиктери бизди бүгүнкү күндө да кызыктырып келет.

Бул доордун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Насир-и Хусрав (Насир Хосров) болуп калган.

Анын толу каты - Насир-и Хусрав Абу Муим аль-Кубадияни аль-Марвази. Ал 1004-жылы г. Кубадиане (Азыркы Тажикстандын аймагындагы Балх шаарына жакын жайшкан) шаарында туулуп, 1072-жылдан кийин Йомганда, Бадахшан тоолунда каза болгон. Файзабаддын чет-жакасында азыркы күнгө чейин анын күмөзү сакталып калганi.

Хусравдын туулган шаары байыркы салттарды сакатп келген өз мезгилинин маданий борборлорунун бири болгон. Наринин үй-бүлөсү эски ирандыктардын жерге ээлик кылуучу ак сөөктөрүнө кирген. Атасы мамлекеттик кызматкер, колунда бар адам болгон. Болочок акын өспүрүм кезинде эле Балх жаарына көчүп келип, кийинки жылдары көп сакат жасаган, Индияда да болгон.

Саякат учурунда, окууда, иште акырындап бул кызыктуу жана бөтөнчө адамдын мүнөзү, көз карашы калыптанган: ал дин таануучу, философ жана саякатчы болуп калат. Ал перс (фарси) тилинде жазуучу акын катары гана эмес, математиканы, астрономияны, медицинаны, геодезияны, философияны, музыканы мыкты билүүчү катары таанымал болгон.

Хусравдын дүйнө таанымына исламдын исмаилизм деп аталуучу агымы таасир кылган.

Бул жашоонун, анын ичинде адамдын материясынын исмаилиттер Дүйнөлүк Жан деп атаган эң жогорку деңгээлдеги айкын үлгүсүн даңазалаган агым болгон. Жашоонун негизги максаты - алар кайра жаралуу жана жер кезүү аркылуу жогорку билимге жетишип жана Жогорку Акылга кайтып келүү болгон.

Акыл, таанып билүү, ой жүгүртүүчү адам – исмаилизмде эң жогорку баалуулуктар болуп эсептелген.

Дүйнө жөнүндө кудайдын жаратканы катары ой толгоо менен, Насири Хусрав Кудай менен дүйнөнүн бирдигин баса көрсөткөн. Бул адам баласы дүйнөгө, табиятка эң улуу баалуулук катары мамиле кылуусу керек дегенди билдирет. Дүйнөнү таанып, анын пайдасын көрүү менен адам баласы андагы кудай жараткан иретти бузбай, «табияттын жашоосун колдоп туруусу» керек – Бул Насир Хусравдын «Ишенимдин жүзү» трактатынын тезистеринин бири. «Табияттын» уулугу жөнүндө ойду өөрчүтүү менен, акын адамдын эмгегин, анын кол өнөрчүлүк кылуусун даңазалаган: «Кол өнөрчүлүккө осанна! Кол өнөрчүлөргө даңк!», – деп жазган ал.

1046-1052-жылдары Хусрав Египетке саякат жасап, аны «Сафар-намада» - «Саякат китебинде» сүрөттөгөн. Ал Египетке исмаилиттик окуунун негиги борборлорунда аны аркалагандардын иш-аракеттери менен таанышуу сыяктуу практикалык максат менен сапар тарткан.

Ошол кездеги Чыгыштын шарлары менен айылдарын кыдырып жүрүп, Насир акыйкаттык исмаилиттик коомдордо гана бар деген тыянакка келет - ага ушул коомдордо гана адамдар ой жүгүртүп, чындыкты айта алышкандай көрүнгөн.

Насирдин көз карашында исмаилитчилик зор адеп-ахлактык мааниге ээ болгон – ал бир адамдын экинчиге баш ийишин токтотууну ырастаган, жеке инсандын кадыр-баркын кол жеткис бийиктикке көтөргөн.

Өз мекенине кайткандан кийин Хусрав исмаилизмди жайылта баштайт. Бул исмаилизмге өтүүчү ар бир жаңы адам үчүн жашыруун күрөш болгон – ал бийликтин куугунтугунан качып өз иш-аракетинин ордун үзгүлтүксүз которуп, ытырман токойлорду аралап, биймк тоолорду ашып өтүп, Хорасандын, Мазендерандын бир башынан экинчи башына көчүп, өзү тапкан чындыкты элге жайылткан. Бирок Балхта ал кедей-кембагалдарга боор тартпаган диний кызматкерлерге каршы ачык сын пикир менен, өкмөттү мактап ырдашкан акындарга каршы кескин ойлор менен чыгып сүйлөгөн. Хусрав мындай көз карашты айтып «капырчылык кылгандыгы үчүн» Балхтан куулуп чыккан, ал эми ага каршы маанайдагы топ эл анын үйүн талкалап салган.

Ал Памирге, Бадахшанга качып, ал жерде да исмаилизмди жайылткан, о.э. тоолуу айылда дини-философиялык трактаттарынын үстүндө иштеген.

Исмаилиттик окуу Памирде Хусавдын жана анын шакиртерирнин аркасы менен XI-XII кылымдарда бекемдеп калган деген божомол бар.

Памир элдери азыркыга чейин Насири Хусравды исмаилиттик улуу агартуучу деп эсептешет, ойчулдун көптөгөн чыгармалары, алсак, «Ваджи дин» («Ишенимдин жүзү») аттуу трактаттары, «Рушнаи-нама» («Жарыктын китеби») поэмасы кудайга сыйынуучу китептер катары кабыл алынуучу.

Анын философиялык чыгармаларында ой жүгүртүүнүн улуулугу жөнүндө көз караш негиз кылып алынган. Насир Хусрав адам баласынын таанып билүүсүнө ишенген. Анын философиясында эң башкысы – адамдын акылынын күчүнө ишеним. Аны Насир Хурасав «нерселердин чыныгы маңызын таанып билүүчү» деп эсептеген.

Өзүнүн философиялык көз караштарын таркатуу үчүн Хусрав поэзияны, эң биринчи кезекте философиялык касыддарды (иран поэзиясынын жанрын) колдонот. Бул жанрдын өрчүшүндө акын өзү негизги ролду ойногон. Хусрав эң биринчи кезекте элдик улуттук идеалдар менен байланышкан терең фиософиялык мазмунга толгон жеке өзүнүн поэтикалык тилин жараткан.

Насир Хусрав ак сарайдагы поэзияны сынга алып, кедей кембагалдарга кайрымдуулукту талап кылган.

Анын чыгармаларында дыйкандар кыймылынын идеологиясы чагылдырылган. Анын философиялык трактаттарында («Жолоочулардын гүл азыгы», 1061, «Ишенимдин жүзү»), акыл-насаат ырларында («Агартуу китеби», 1072, «Бакыт китеби», «Эки акылмандык») ал акыйкаттыкты жактап, өз эмгеги менен жашап, адеп-ахлактык жактан жакшы болууга умтулушкан кол өнөрчүлөр менен дыйкандардын эмгегин даңазалаган. Акын алардын астында терең гумандык этиканын системасына кирген жакшылыкты, достукту, сөзгө бекемдикти, өз ара көмөктөшүүнү ачып көрсөткөн. Ал анын түшүнүгүндө адам деген эмне экендигин түшүндүргөн:


^ Адамдын ичи жарык, жанып турса жакшы болот, —

Жалтыраган сырт келбетине караба!


* * *

Исмаилиттер азыр да дүйнөдө бар, алар Азия менен Африканын 20дан ашуун өлкөлөрүндө жашашат.

Азыркы күндө исмаилиттердин кыймылы саясий мүнөзгө ээ эмес, бирокалардын коомчулугу абдан бекем жана эконмикалык жактан чоң мааниге ээ. Көптөгөн исмаилиттер көптөгөн өлкөлөрдүн - Великобританиянын, Португалиянын, Бельгиянын, Чыгыш Африка өлкөлөрүнүн,

Канаданын жана, ал турсун, Франциянын ишканаларында мыкты орундарды ээлешет.

Исмаилиттердин 49-имамы Ага-хан IV Карим — мультимиллионер, бардык исмаилиттер ага салык төлөөгө милдеттүү. Ал «улуу даражалуу падыша» деген наамга ээ. Бул наам ага Британиянын ханзаадасы жана Ирандын шахы тарабынан ыйгарылган, өзү Батыш Европада жашайт.

Азыркы кезде исмаилизмдин принциптерин аркалоо менен, Ага-хан IV элдер арасында байланышы өнүктүрүп, билимди жайылтуу үчүн зор күч жумшоодо. Кыргызстанда Ош шаарында ал Ага-хан мектебин ачкан. Ал эми Нарында университет курулуп жатат. Ошондой эле унверситеттер Казакстанда жана Тажикистанда курулган. Ага-хандын фонду мектеп мугалимдери үчүн семинарларды, тренингдерди, кесип деңгээлин жогорулатуучу иш-чараларды каржылайт, о.э. бул фонд тарабынан Кыргызстандын бир катар мектептеринде жана университеттеринде берилүүчү «Адам таануу» сабагы иштелип чыккан


^ Мугалимдин казынасына


Жусуп Баласагын

(1015-1018-жылдар – 1080-жылдар)

XI кылымдагы Борбордук Азияны ошол мезгилдин саякатчылары жана географтары «Анык кудайга ишенгендердин төрөсүнүн багы» деп аташкан. Бул Түркүстан менен ага коңшу мамлекеттрдин маданий жактан гүлдөп турган доору болчу.

«Ал мезгилдеги Түркүстанда, - деп жазат иорданиялык изилдөөчү Хаваш Зияд – үч: түрк, араб жана перс тилдери кенен колдонгон. Маданий чөйрөлөрдө түрк тили тала-түздөрдөн келгендердин тили болчу: көчмөн элдер отурукташкан турмушка өтүшүп, өзүнүн көп сандуулугу менен эне тилин сактап гана калбастан, аны жергилкиктүү элдердин арасында жайылтышкан – аймактын акырындап түрктөшү процессии башталган. Араб тили диндин, илимдин, укук-мыйзам иштеринин, кайсы бир деңгээлде поэзиянын тили болгон. Перстили ажайып поэтикалык образдарда гүлдөп турган. Бул үч тилде тең бир жалпы ислам алфавити болгон араб алфавитин колдонулган. Маданий турмушта өзгөчө ролду эки түрк борбору – Баласагын жана Кашгар шаарлары ойногон: Биринчиси Чүй өөрөнүндө Жети-Сууда; экинчиси Чыгыш Түркүстанда улуу Тянь-Шандын этегинде гүлдөп турган. Ал шаарлар аркылуу Кытай менен Византиянын ортосунда Улуу Жибек Жолу өткөн. XI кылымда XI аталган шаарлар ислам дүйнөсүнүн чыгыш форпосту жана жаңыдан жаралып келе жаткан түрк тилдүү ислам адабиятынын башкы борборлору болгон»2.

XI кылымда түрк элдеринин маданий жактан көтөрүлүшү түрк тилиндеги биринди поэманын пайда болушу менен белгиленген. Аны Баласагын шаарынан чыккан Жусуп 1069Ө1070-жылдары жазган. Ал поэманы «Кутадгу билиг» («Кутадгу билигде») деп атап караханиддердин ханы Тавгач-Богра-Кара-хаканга ыйгарган. Ал болсо акынга ак сөөктүк хасс-хаджиб (ак сарайдые министри) деген наам берген.

Бул маалыматтарды поэманын өзүнөн тапса болот. Мындан башка бирда чыгыш биографынын же библиографынын авторлор тизмесинде Жусуп Баласагын жөнүндө эскерилбейт.

Ошентсе да поэманын изилдөөчүсү А.Н. Кононов Жусуп Баласагын «көрүнүктүү акын, жогорку билимдүү адам, окумуштуу-энциклопедист, араб, перс поэзиясын жана түрк фольклорун терең билген ыр жазуучу болгон; ал астрономиядан жана математикадн, медицинадан, шахмат жана башка элдик оюндардан ж.б. көптөгөн нерселерден кенен билими болгон» деп жазат. «Кутадгу билигде» жалпы адамзатынын идеалдары жана ой-санаалары жогорку көркөм деңгээлде чагылдырылган. Поэманын саптары кийин элдик макал-лакаптарга айланып кеткен.

Поэме араб-перс поэзиясынан алынган аруз поэтикалык көлөмүндө, биринчи жолу түрк (бограхан) тилинде Чыгарма 6722 бейттен – эки саптуу ырлардан турат. Жусуп түрк тили биринчи жолу адабияттын тили болуп калгандыгына сыймыктанган:

Түрк сөзү тоо маралындай ээн жүргөн,

Мен аны колго көндүрүп, баш ийдирдим3.


Поэма орто кылымдарда Чыгышта белгилүү болгон этикалык-дидактикалык (санат-насыят) жанрына кирет. Китептин аталышы - «Кутатгу билиг» - автордун жашооону билим гана пайдалуу жана терең терең ойлонугүлган мааниге ээ кылат деген негизги идеясын чагылдырат. Поэма бүтүндөй бойдон Акылдын культуна, элге кызмат кылуга багытталган, аракеттүү акылдын зор манилүүлүгүнө толгон:

^ Окумуштуулук илимге ээ болууга керек,

Билим болсо иш кылууга керек, -

О.э. Жусуп Баласагын жакшы эл башчысы жана баары бактылуу жашай ала турган акыйкат мамлекет жөнүндө өзүнүн түшүнүгүн жазган.

^ Ал:

Ал падышалар кантип бийлеш керектиги, алар өзүлөрү ким экени,

Жана падыша кантип мамлекетти сакташы керектиги -

Бул үчүн кандай чаралар ага татыктуу экендиги …

жөнүндө кеңеш берет.

Ошол эле учурда поэма – адам жашоосунун мааниси жана максаты жөнүндө, адам кандай сапаттарга ээ болуш керектиги жөнүндө философиялык ой толгоо.

«Бул китептин негизи», - деп жазат Жусуп Баласагын өзү – эч өзгөрбөй турган бир нече түбөлүктүү баалуулук болуп эсептелет – алардын бири – Акыйкаттык, экинчиси – Бакыт, үчүнчүсү - Бакыт, төртүнчүсү – Кесирчилик кылбоо». Алардын үлгүлөрү катары «Куттуу билимдин» каармандары - элик Күнтууду – аллегориялык түрдө Акыйкаттыкты көрсөтүп турат, Айтолду – Бакыттын символу, Акдилмиш – Акылдын символу, ал эми Акдилмиш аллегориялык түрдө Кесир кылбастыкты көрсөтүп турат.

Поэмада эликтин акылмандыгы жана улуктугу жөнүндө көп уккан Айтолду вазир ага кызматка келип, бирок бир аз убакыттан кийин каза болуп калат. Анын ордун уулуАкдилмиш ээлейт. Алар Күнтууду менен Айтолдунун өлүмүнө кайгы тартышып, сарайда кызмат орун ээлегендерге коюлган талаптар жөнүндө маек кылышат. Акдилмиштин кызматын жеңилдетип, «бийлик иштери үчүн кол алдында кызматчысы» болушу үчүн, элик элден кезгенАкдилмишти ак сарайга чакырат. Бирок дүйнөнү жамандык деп эсептөөчү Акдилмиш Эликтин сарайына келип кызмат өтөөдөн баш тартат. Бийлик башчы ага эки жолу киши жиберип, эки жолу тең макулдугун ала албайт. Үчүнчү жолу гана Акдилмиш сарайга келүүгө макул болот. Бирок кызмат кылууга эмес, маектешүүгө келем дейт. Бир аз убакыттан кийин Акдилмиш каза болот. Китепти бүтүп жатып Жусуп Баласагын «Бүтүмдү» жазат. Анда ал өтүп кеткен жаштыкка жана курчап турган дүйнөнүн кемдигине өкүнөт.

Ошентип башкы каармандардын өз ара маектери менен бири бирине жазган катары поэманын мазмунун түзөт. Аларда түбөлүк чындыктар да (жакшылык кыл, өзүңдүн жакшы атыңды калтыр, суетных благ оолак бол жана түбөлүк баалуу нерселерди баала ж.б.), пенделик түйшүктөр чагылдырылган. Китептин көпчүлүк бөлүгүндө жакшы бийге же вазирге, аскер башчысына же элчиге, ашпозчуга же түш жоруучуга, багбанга, малчыга, кол өнөрчүгө ж.б. көптөгөн адамдарга зарыл болгон сапаттар тууралуу маек жүрөт.

Поэманын изилдөөчүлөрү белгилегендей, Жусуп Баласагынга китеп жазууга жакынкы эле убакыттан бери көчмөн эл болбой калган караханиддери өзүлөрүн коңшу мамлекеттердин башчыларынан кем сезбеш үчүн, отурукташып, дыйканчылык кылуучу Чыгыштын салттуу маданиятына аралашуу зарылчылыгы себеп болгон. Эгер кенен карай турган болсок, Жусуп Баласагындын поэмасы орто кылымдагы Чыгышта болуп келген «мамлекетти башкаруу жөнүндө китепке болгон «социалдык муктаждыка» жооп берген.

Жусуп Баласагын өзүнүн поэмасын окумуштууулардын эсеби боюнча болжол менен 53-54 жашында аяктаган. Ал өзү жөнүндө:

«Менин турпатым жебе болсо, жүрөгүм жаа болчу.

Жүрөгүм эми жебеге айланса, турпатым жаага айланды».


Айрым маалыфматтар боюнча Жусуп Баласагын 68 жашында каза болуп, сөөгү Кашкар шаарынын түштүгүндө, Тайнап деген жерде коюлган. Кытайдагы «маданий революция» учурунда (ХХ кылымдын 60-жылдарында) Баласагындын күмбңөзү хунвейбиндер тарабынан талкаланган. Азыр ал күмбөз кайрадан калыбына келтирилген.

^ Баарыбыз өлөбүз – өз иши менен даңкы чыккан адамдын гана

Жакшы аты түбөлүк жашайт.

«Кемеде козголоң чыктыбы?!» 

Мугалимдин же алдын ала даярдалган окуучулардын билдирүүсүнөн кийин төмөнкү пикирлер айтылышы мүмкүн:

- Азыр бизге кайдагы бир байыркы акындын эмне кереги бар?

- Келгиле, заманбап авторлорду окуйлу!

- Бул качанкы заманда болгон, азыр эскирип калгандыктан, биз баарын түшүнө албайбыз!

Буга жооп кылып мугалим балдарга азыркы мезгилдин маселелери кайсылар экендигин атоону жана алар Насири Хусрав менен Жусуп Баласагындын чыгармаларында айтылган-айтылбаганын карап көрүүнү сунуш кылат.


Мээге чабуул:


Өткөрүү мөөнөтү: 5 мүнөт

Зарыл материалдар: маркерлер, ватман кагазы

Өткөрүү шарты:

Окуучулар адам баласын бардык мезгилде тынчсыздантып келген маселелр менен суроолорду аташат, ал эми мугалим аларды ватман кагазга жазып турат.

Натыйжада балдардын атаган маселелердин болжолдуу тизмеси төмөнкүдөй болушу мүмкүн:

  • жашоонун мааниси эмнеде?

  • эмне үчүн окуу керек?

  • бул жашоодо адам үчүн эмне маанилүү?

  • эмне үүчн иштеш керек?

  • чыныгы достук жана сүйүү

  • согуштар жана чыр-чатактар

  • адамдын мүнөзүнүн сапаттары


Мугалимдин кийинки тапшырмасы - балдар атаган маселелерди Насири Хусрав менен Жусуп Баласагындын чыгармаларында козголгон маселелер менен айкаштыруу.

  • Чындыкты издөө

  • Адамдын турмушунда билимдин мааниси

  • Адамдын кадыр-сбаркы жана ар-намысы

  • Жашоонун баалуулуктары

  • Эмгек жана бекерчилик

  • Достор жана душмандар

  • Эки жүздүүлүк

  • Байлыкка кызыгуучулук

  • Мактанчаактык жана курулай сөз


Чыгармачылыкка берилип …

Окуучулар Насири Хусравдын же Жусуп Баласагындын алдын ала барактарга басылган ырларын тандап алышып, ичтеринен окушат. Мугалим аларды окуп, андагы маселени аныктоого 7-10 мүнөт берет.

Мында аталган маселелер боюнча топторду уюштурууга болот (класста балдардын санына жараша топтор менен, жуптар түзүлүшү мүмкүн). «Оппоненттер» да издөөгө жана окууга катыша алышат. Бул учурда мугалим «түбөлүк маселелер» жазылган барачаларды ар бир маселени өзүнчө кылып кесет. Ал кесилген баракчалар класстын дубалына илинип коюлат. Бул балдар тийиштүү ырды таап, «өзүнүн» маселеси жазылган баракчанын жанына келип туруусу үчүн ыңгайлуу болот. Биринчиден, бул улуу акындын чыгармачылыгынын көп түрдүүлүгүнө көрүнө далил болсо, экинчиден, окуучулардын чыгып билдирүүлөрүн иретке келтирип, үчүнчүдөн, бул иш-чарада катышууга ар бир окуучуга мүмкүнчүлүк берет.

Окуучулардын даярдыгына жараша кезек өзүнөн өзү түзүлүп, ошол ирет боюнча балдар ар бир темага тийиштүү өзүлөрүнүн тапкан ырларын окушат. Төмөндө окуучуларынын билдирүүлөрүнүн болжолдуу ирети. Алар табылган ырдын аталышын айтып, андан үзүндү окушат.


«Коргоо»

Окуучулар берилген тема боюнча ырлардан үзүндүлөрдү окушат (төмөндө ырлар толук көлөмдө берилген. Кайсы үзүндүнү окуу керектигин балдар өзүлөрү аныкташы керек).


^ Насир Хосров

  • Чындыкты издөө:

Азаптуу ойго батып, жан дүйнөм жабыркады.

Мен элден сөз укпадым акылдуу, жүйөсү төп.

Калп айтат акмагы да, жанын жейт сокуру да,

А түгүл пайгамбардан сурадым жол көрсөт деп –

^ Бирок да Курандагы маанисин сүрөөлөрдүн

Чечмелеп, жан дүйнөмдү байытар жок эч бирөө!

Ошондо гүлзары бар багымды, там-ташымды

Бүт баарын таштап салып алыска кеттим тентип.

^ Жалганды түрк да айтат, арап, римдик, жөөттөрү,

Синдиден бирөө алдайт, Рейдеги өспүрүмдөр.

Кудайдын жөнүн сурап сапарлаш жүргөндөрдөн,

Алдандым манихейден, ар башка динчилдерден.

^ Башыма таш жазданып, көктөгү булуттарды

Жамынып, жапайыдай талаада жалгыз түнөп,

Чокусу көктү чийген тоолорду мен кыдырдым.

Шамалдай сызып ыкчам, балыктай сууда сүздүм.

^ Бирде суу таштай тоңгон, бирде аптап куйкалаган,

Талыкпай сапар тарттым алыскы өлкөлөрдө.

Шагылдуу чыйырлардан, аска, зоо, ашуулардан,

Бирде жөө, бирде өттүм төө жетелеп туз жүктөлгөн.

^ Суроомо жооп таба албай, деңизден, эрме чөлдөн,

Шаардан шаарга өтүп, сагалап эшиктерди,

Убара тарттым далай чындыктын көзүн издеп.


  • Билимдин адам турмушундагы мааниси

^ Мүлкүңдү пайдалангын этияттап,

Анткени сарамжалсыз мүлк сакталбайт.


Көзүң бар, кулагың бар – уккун, көргүн,

Таанып бил терең сырын бул дүйнөнүн.


^ Окуй бер, таалим алып! Тагдырдын сыноосунан

Билимге таянганда өтөсүң эсен-аман.


Билимди калкан кылып ким коргонсо,

Жашоодо наадандардай ал кор болбойт.


^ Бир кеңеш: кулак салба айың кепке!

Ушак сөз – ооз жели бекер кеткен,


А бирок миң укканча жаңылыкты

Өз көзүң менен көрүп билген артык.


Андыктан имиштерге ишенбегин –

Айткандар жүйө менен далилдесин.


Соңунда, акыл айтам: сөз иш эмес,

Иш – бул мүлк, сөз – буюмдан жансыз элес.


  • Акыл-эс

^ Эстүүнүн жолун дайым акыл ачат.

Жамандык кыла көрбө – эң чоң азап.

Жырткычка, айбан малга окшошпогун,

Жамандык кылсаң эгер сен ошолсуң.

Жамандык жыланга окшоп уусун чачат,

Жолдон кач, тура бербе – чагып алат!

Жан-дүйнөң канаты бар – бул акылың

Түпкүрдөн көктү көздөй кайкып сызсын –

Наадандык туткунунда кала бербе,

Ылайга тулку боюң тебеленет!


  • Ар намыс

^ Жаманга мактоо сөзүң коротпогун –

Эшекке жарашабы мончок, шуру?

Убара тартпагын тек утурумдук,

Дилиңден жанып турсун чындык нуру.

Жалганды айта берсең акыр бир күн

Жек көрүп сөгөөрүң чын өзүңдү өзүң.

Бетпакты даңазалап жүрсөң дайым

Абийриң отко түшүп, күйөт жаның.

«Улуу» деп, «урматтуу» деп жагалданба,

Сөз куну эң бир ыйык бул ааламда.

Мактаба татыксызды, эч кордобо

Бечара, бейкүнөөнү – наадан болбо.

Акындар арасында арсызы көп,

Сен андай азгырылба куру сөзгө.

Байлыкка кул болгондун жазгандары

Маанисиз, кулакка да жок жагымы.

Алтынга азгырылган акын сөрөй

Чындыкты бул дүйнөдөн өтөт көрбөй.

Эшекке кымкап, шайы, жапкан парча

Кемпайлар келатышат дагы канча.

Нукура акын - Сөздүн өкүмдары,

Теңирим колдоп жүрсүн аны дайым.


  • Эки жүздүүлүк

^ Жактаба жаны болбос жасалманы

Чындыкка коошпогон сөздүн баары –


Жыты аңкып, кооздугу тамшантса да,

«Дастамбуй» коонундай, даамы супсак.


Кулактуу болсоң күмүш сырга тагам:

Камчысын бузукунун чапкан жаман –


«Баатыр» деп көкүтүшүп, мактап коюп

Бетпактар кетет сени пайдаланып.


Өзүңө жакпаганды жасабагын,

Чындыкка каршы сөздү эч айтпагын.


  • Эмгекчилдик жана бекерчилик


^ Кол өнөрчүлөрдү мактоо


Өнөрлүүдөн бактысы артык жок эч ким

Падыша да, кул да эмес ал эркин.


Узанып же балка уруп отурса да,

Кечинде үйбүлөнүн кашында ал.


Курсагы калса дагы кээде ачка

Күн сайын көңүлү ток, абийри ак.


Балкасы тийген темир зерден кымбат,

Балдары, аялы үчүн эмгек кылат.


Түнкүсүн түшүн көрөт кереметтүү,

Таң атса сергек туруп, иштейт эргип.


Өтүкчү же тикмечи, ашпоз, узбу –

Көркөмдүк дүйнөсүндөй пейли изги.


Өмүрү өрнөктүү да, тынч көңүлү –

Кудайга, элге жагат айкөлдүгү.


Эмгекчил, тамашакөй, ачык-айрым,

Кесипкөй чеберлерди даңктайм дайым!


Тең келер пенде ага эч дүйнөдө табылбайт –

^ Атүгүл падыша да көзүн карайт.


Дыйкандарды мактоо


Бирок кошчу албаса эгер мол түшүм,

Уста менен уздун иши жүрүшпөйт.

Адам ата өзү бизге калтырган

Дыйканчылык артык экен баарынан!

Кышта келчү балээлерден жүдөбөй,

Жан-жаныбар баарын колго үйрөтөт.

Казынасы жыл он эки ай бөксөрбөйт:

Эгин сээп жаткан кезде бак гүлдөйт,

Жалчы ыраазы, төрт түлүгү бүт түгөл.

Көпөстөрдөй битиребей, шериктеш

Усталардын акысын эч кемитпейт.

Ааламда ага теңдеш асыл барбы

Адамдын дайым бийик туткан наркын?

Барлыктын, амандыктын шарты экен –

Баарыбыз баар табалы ак эмгектен!


  • Ач көздүк:

Сүткорго «боор ооруп» кой – алтын үйдөн

^ Тозоктун дал өзүнө түшүп күйөр!


Жек көрүп, жийиркенип көз чаптырсак,

Жолбун ит андан кыйла кадырлуураак.


Дилинде изгиликтин изи да жок

Бул ач көз бүт дүйнөнү ээлөөнү ойлойт.


Байлыгы ашып-ташып турса дагы,

Кедейдин жер кепесин тартып алды.


Сүткордун сандыгында арам байлык,

Берсе алба – берекеси болбосу анык.


Шарабын чаңкасаң да ичпе анын –

Анткени ар тамчысы – адам каны.


Сөөгүн өрттөсөң да күлү арам!

Ажал да жийиркенип алат араң.


Миллион жыл тозогунда кайнаса да,

Шайтандын өзү аны койбойт аяп.


(«Сүткорлорго наалат»)


Бүркүт

Чексиздей мейкиндикте канатын кенен жайып,

Чокусу көктү чийген аскадан бүркүт учту.

^ Шерденип кубатына, өзүнчө маашырланып:

«Бүт дүйнө менден ылдый, эч ким жок мендей күчтүү!

Мен жеткен бийиктикке, эр болсо, кана учсун,

Ителги же көгүчкөн, ылаачын, таз жорусу?

^ Көзүм курч – көктөн туруп көрөмүн көлдүн түбүн,

Шактагы чымчык эмес, чымындын байкайм түрүн».

Ушундай мактанганда аңдыган адис мерген

Жаасын керип туруп, жебесин койо берген.

^ Бүркүттүн канатына тепчилди учтуу жебе.

Тагдырдын тамашасы – тик ылдый жерге кулап,

Балыктай жээкте калган тыбырап, жатты туйлап.

Канатын тепчип өткөн жебеге калды карап:

^ Ушундай жупуну да, тырмактай темири бар

Бул нерсе кантип аны көз жеткис бийиктиктен

Заматта алып түштү? Түшүндү кечиксе да

Чындыктын эң ачуусун: жебенин түз сабагы

Өзүнүн бир тал канат жонулган чалгыны экен…

Көзүңдү ачкын, Худжат, эч качан болбо аксым,

^ Бүркүттүн шорун айткан маселден сабак алгын!

Жусуп Баласагын


  • Чындыкты издөө:

Билим алсаң, урмат-сый алып келет,

Билим сага –акыл-ой, кубат берет!

^ Билимсиз жүрөк, тилдин пайдасы жок,

Билим өнөр, өмүргө сууудай керек.

Канча билсең – ошончо үйрөн, оку,

Билимдүү тилегине дайым жетет.

Билимине мактанган билимсиздер,

Билгеним аз дегендер – көпкө жетет.

Билим – деңиз түбү да, чеги да жок,

Канча сузсаң азайбайт, толо берет!

Билимдүүлөр о термеп көңүлү суз,

Билимсиздер каткырып күлүп жүрөт.

Билим ал, киши болгун багып скзим,

Болбосо мал атанган наадан делет!

Билимдүү түйшүктөнүп ой түбүндө,

Билимсиз ой жүгүртпөй ойноп-күлөт.

Акылдуу ой терметип турган кезде

Акылсыз аркар сымал оттоп кетет.

Акылдуу ой токтотуп, ишин бүтөт,

Акылсыз жара бузуп, аттап өтөт!


  • Адамдын турмушунда билимдин ролу:

^ Адамдарда айырма көп билинген,

Эң башкысы – илим менен билимден.

Сөзүмдү айтып, билимдүүгө кайрылам,

Сөздү билбес акмактарды не кылам.

Айткым келди, о, акылман, сөз жайын, -

Окуу, билим пайдасынан баштайын.

Окуу – түндө алдыңдагы шам-чырак,

Билим алсаң, маңдай ачык жаркырап.

Окуу, билим көп нерсеге жеткирет,

Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт.

Сокур дешет билимсизди – көп дебе,

Окуу гана жарык чачат дүйнөгө.


Билим болсо – жан кыйышпас дос саган,

Илим болсо – кесиптешиң, кошунаң.

Илим, билим – түркөй жанга алыс, жат,

Соо жүрсө да, эки кырсык жабышат!


Кайрадан Акдилмиштен сурады Элик:

«Билимдүү өз билимин алды кантип?

Окуу менен акылын өстүрдүбү,

Болбосо төрөлгөнбү ал билимдүү?»

Айтты Акдилмиш ойлонуп, жообун тактап:

«Айтууга умтулайын баарын баштан.

Кудайым төрөлгөндө берсе сезим,

Окугандан ал ачар билим көзүн.

Окуганда жакшы ойлор болсо жөлөк,

Зээни болсо - үйрөнөт, окуйт, билет.

Окуу бул көп билимге кепил келет,

Жакшы кызмат элдерге илим берет.

Да бир сөз: уулум зирек болсун десең,

Жаштайынан окуткун тажабай сен.

Ким жашынан көп окуп билим алат,

Бойго жетсе тилеги орундалат.

Окууга тырышчаактык берет жемиш,

Илим, билим – дөөлөткө кенен өрүш…».



^ Адамдын артык жери – акыл, билим,

Жок болсо андай сапат – мал деп билгин.

Ишти билет билимдүү, илимдүүлөр,

Билимдүү, эстүү адам жөндү билер.

Ылайыктуу ушуга бир макал бар,

Аны угуп, ардактуум, түшүнүп ал:

«Билим түрлүү түйүнгө ачкыч делет,

Баарын билип, түшүнүп, окуу керек.

Билимди орду менен пайдаланып,

Маңызсыздан алыс болсоң, ошонуң эп!»


  • Кадыр-барк жана намыс:

Үч-Ордонун бегинин айтканы экен,

Акылман ошол сөздү айтп берем:

«Бирөө сага ак кызматын сиңирсе,

Өтөөсүн тап, өлүк адам дедирбе.

Адамсыңбы, калгының адам бойдон бойдон.

Чыкпасын кишиликтүү болуу ойдон.

Эгер сага кастык кылса бирөө бир,

Катыгын бер дал ошого, жүрбө тим.

Адамдыгың асмандатат атыңды,

Адамдыгың жаркыратат затыңды.

Адам болгун, асты айбан атанба,

Абийир болбойт кыпындай да нааданда.

Улуу күч кишиликтүү боло билүү,

Урмат, даңк кишиликтен табат киши!»


Адамкерлик кылганга адамдыгың аяба,

Татыктууну татыктуудай дайым баала.

^ Берилгендик – бул туура жооп берилгенге,

Берилген бол – ал жеткирет бийиктерге!


Пейил актык – адамга ашкан байлык,

Андай адам жолдуу болот, бактысы артып.

^ Чынчыл болсо, адамдын жолу таза,

Бекем болот түбөлүк бактысы да.

Угуп ал айткан сөзүн пейили актын,

Аны сен көкүрөктө бек сактагын:

«Иште да, сөздө дагы адилет бол,

Түбөлүк ктпей турган дөөлөт конор.

Ал бактылуу – ким адилет адам болсо,

Жүзү жарык, дени сак, сергек ошол!»


Адам деген эл менен болуш керек,

Жумшак сөзүң сый-урматка жеткирет.

Оройбу сага бирөө - болгун сылык,

Жаман сөзгө жакшы сөз айткын буруп.

Өз жүгүңдү өзүң тарт, башкага да жөлөк бол,

Жамандыкка жакшылыктуу жооп кыл!

Жүрөгүңдөн айдап салгын кекти, өчтү,

Ачык айтып, туу кылгын асыл сөздү.

Адилеттик атак-даңка жеткирген,

Адамга сал кулакты мындай деген:

«Таарыныч сөз бирин да оозуңа алба,

Таарыныч эч кетпеген азап жанга.

Мактагын, эгер бирөө сени сөксө,

Жакшылык сага калат, ага – жектөө.

Жамандыкка жакшылык кылуу милдет,

Жакшылык – адам иши, жаман - илдет!

Четтеп кетсе өзүңдөн тууган-урук,

Жакындаш, жолун, тапкын өзүң чыгып.

Таарынтса, кек санабай баарын унут,

Кечиргин, ыйык жолуң болот узун!»


  • Эки жүздүүлүк – мезгилдин бузуктугу жана достордун таш боордугу жөнүндө:



^ Төгөрөктүн төрт бурчун кезип жүрүп,

Ишенимдүү жан барбы тапкым келет!

Адамдык азайды го, жолу кайда?

Тапсам кана, анын жолу алыс кетет!

Баарын таптым, бир таппадым чын жолдошту,

Көрсөм гана жарык жүзүн бир жолу!

Дүйнө кем ишеничтүү адамга – бары сатат,

Жан биргелик, ишенич кимде жатат?

Эгер тапсам адамды ишеничтүү,

Көзүмдү албай көтөрүп жүрөйүнчү.

Жакшы адамды көрбөсө менин көзүм,

Кийик болуп жашайын тоодо өзүм.

Тамагым чөп, суусундукка жамгыр болсун,

Кум дөбөдө жатайын куур тончон.

Турмуш, түйшүк, бут элден болуп ыраак,

Жер кезейин, чөл-талааны кыдырып.

А болбосо, жашоону унутайын,

Борон болп, же суудай агылайын.

О, теңир, бузуктукка болдум туткун,

Жаным тартуу, чыныгы дос, бери чыккын!

«Адам» — деген курулай сөз, адамдык жок,

Кайда кетти? Изин да таап болбойт.

Ишенимүү адам жок, таппай келем,

Мерез жанга көңүлдү кантип берем!

Жакын кылып кимдерди көздөй тутсам,

Душман чыкты бардыгы, эмне кылам!

Кимди сүйүп, жанымдай көргөндөрүм

Азап кылды өзүмө, эмне дейин!

Адам артык жакшына сөзү менен,

Ою арамды, аланы кантип сүйөм.

Эми кимди өзүмө эш кылайын,

Кимге ишенип, кимдерди дос кылайын?

Кимге ишенип, муңумду айтам кимге?

Кайгыга чөмүлтөрмүн, баарын мүлдө!

Көңүл калды туугандан толбой орду,

Бир бооруң жат, кастан да жаман болду!

Антка ишенет, ким антты бек кармаса азыр -

Эр жүрөк дээр элем анын аты!

Тузду, нанды актаган болсо эгер,

Алтын, көөкөр, каухарга бөлөйт элем!

Кайгы-муңду бөлүшөр дос табуу үчүн,

Жер кезип азап тартар элем өзүм!

Ишенимдүү анык достор азыр кайда?

Бектей көрүп, кул болоюн мен аларга!

Дос таппадым, жалгызмын азыр дагы,

Көз жашым курабады менин такыр.

Эл бузулду, унутуп үрп-адатын,

Кандай күнгө туш болдум, айтчы бачым?

Жинди болуп акылдан адаштымбы?

Түшүнсөм дейм өзүмдүн айтканымды.

Кумар кыстап, мээ байкуш айныдыбы?

Же элеспи, бир көргөн түшпү ушу?

Же мени калды бекен кырсык басып,

Же тетири иш кылдым бекен шашып?

Кайда адамдар алкоого татый турган?

Туу көтөрүп мактоого жаным курман!

Алар түзсө адептүү тартип-заңды,

Иш оңолуп, кубанчым артмак дагы.

Жаңы заң болсо эгер бүт эл тутар,

Жакшылар төргө өтүп, жаман чыгар.

Жакшы адат, адилет заң унут калды,

Эл бузулду, жакшы жан деген барбы?

Өткөн жандар атактуу салтты билген,

Билбептирмин, чыныгы периште экен!

Алар өттү, мен калдым булар менен,

Кандай кылсам, не ишке жарар экем?

Канчалык сүйлөсөң да сөз үзүлбөйт,

Жетишет ушул эле, токтосун кеп!

Мындан башка үлүштү таба албадым,

Элден, журттан, шаардан алыстайын!

Атымды укпай, өзүмдү көрүшпөсүн,

Сөзүм бүттү, мени издеп күтүшпөсүн.

Чаян чагат, ит тиштеп, чиркей сорот,

Кайсынысын токтотуп, уруп болот!

Туш келип наадандарга ыйлап утрам, ночь,

Күнү-түнү жүгүм тартып түйшүк кылам.

^ Азап менен кырсыктар алыс кетип,

Осолдуктар жоголсун четтеп өтүп!

Жараткан, пайгамбарды көрсөтө көр,

Төрт шакиртин көрүүгө көмөгүң бер!


  • Эмгек жана бекерчилик

^ Эгер элик эмгегиңди кааласа,

Ак дилиңден аткарып бер жараса.

Жалкоолонбо, ишиңди таштап койбо,

Сөз, ишиң бирдей болсун жарык жолдо.

Эрет туруп, кеч жаткын, илең болбо,

Эрте турган бакытты алат колго!


Иш кылган дайым иште сүңгүп жүрөт,

Жаман же жакшы экенин көргөн билет.

Мен иштедим - өзүң көрдүң натыйжасын,

Билишет бшкалардан иш пайдасын.


Бүгүн калса бир ишиң, эртеңке күч,тра доймет,

Иш көбөйсө үйүлөт, кыйын бүтүш!

^ Эртеңкиге калтырбай бүгүн жогот,

Этрең ишти бүтүрүү кыйын болот.


  • Дүнүйөкорлук:

Ток пейилдер параны албайт сурап,

Хажиби пара алса – бекке уят.

^ Бүткөн ишти бүлдүрүп пара бузат,

Пара болсо ак ишти арам кылат.


Ойлочу айткан сөзүн билермндын,

Кызматтын көзүн таап биле алганын:

«Баш уруп кызмат кылгын татыктууга,

Татыктуу сый аябайт кызматыңа!

Кызмат кыл жоомарттарга - үйү анын

Жайнаган алтын-күмүш болот анын.

Сараңга өмүрүңдө кызмат кылба,

Уятка чөмүлөсүң таппай арга.

Өзүнөн өзү аяйт сараң адам,

Бирөөнө бимр күкүм нан арттырбаган»


«Кулак сал, - деди Акдилмиш, - кутман Элик,

Түшүнтөйүн тереңден айтып берип.

^ Адамда сапатар бар кара мүртөз,

Санайын мен үчөөнү, күнөө бүтпөс,

Биринчиден, мактанчаактык жаман иш,

Экинчиден, алдамчылык арам иш.

Үчүнчүсү - алып сатар, сараңдык,

Акмактарга ушул үчөө бүт таандык.

Адамда болсо ушундай жаман адат,

Азандан бары менен чыры уланат.

Калпычы же болбосо алдамчылар,

Өмүр бою каргышка калат булар.

Ач көздүктөн ашкан да арам барбы?

Ач көздүктөн ашкан да арам барбы?

Жыйнады – пайда көрбөй, бары калды!

Арналган акылман сөз сараңдарга:

«Өзүн өзү уурдаган алдамчы да!

Алтындыв жыйнай берди, үзүп көрбөй,

Жашады башкаларга тыйын бербей!

Бүт байлыкты жыйсам дешет сараңдар,

Дагы болсо дешип, алар жалаңдар.


Ар ишти акыл-ойдо тактап жүргүн,

Тактап алсаң, иштөөгө шаша билгин.

Ач көз болбо, абийирди бийик карма,

Сөздө, иште адилет болгун жанга.

Тойбос болот өмүрдө ач көз киши,

Ач көзгө аздык кылат дүйнө жүзү.

Ач көздүк кесел болот айыкпаган,

Дүйнөдө эмчи күчү жетпейт ага.

Ач калганга аш берсең карды тоёт,

А жадных одна только смерть и по

Ач көздөрдү тойгузар өлүм болот!

Ач көздөрдүн ичинде байы болбойт,

Дүйнөнү бүт жесе да карды тойбойт!


  • Жакшылык:

^ Айтолду айтты: «Мен уктум айткан кепти,

Дагы бир соболум бар жооп берчи:

Жакшы киши ким болот, кандай өзү,

Өзгөчөбү адамдан кулк-мүнөзү?»

Элик айтты: «Ал адам жакшы анда,

Ишинен жалпы элге болсо пайда.

Эл ишин жолдоп турса жакшы жолго,

Ал кызматын кылбаса элге колко.

Жакшылы жасап, кайра тилебесе,

Пайдасы болот ага миң бир эссе».

Илгертен түрк ичинде бир макал бар,

Акыл бар анда терең – түшүнүп ал:

«Адилет, чындык менен оозангандар,

Өлгөнчө жакшылыкты жандоочулар.

Адамга мүнөз дагы кошо бүтөт,

Ал өлсө өзү менен кошо кетет».

Жамандар жакшы менен дос болгондо,

Жаманга теңелгени жакшы ошондо.

А жакшы жаман менен катарлашса,

Жакшы атынан айрылат – жол жок башка!

Бул жаман, тиги жаман деген болбос,

Алардын басканы окшош, жүргөнү окшош.

Башкарса беги жакшы, эли жайлуу,

Жашоосу адилеттүү, казан майлуу.

Бектери жакшыларды турса баалап,

Жаман да жакшыларды ээрчип калат.

А эгер жамандарды кылсаң жакын,

Жамандын таягынан кутулбассың.

Жамандар ардакталса, жакшы кор де,

Бузук жок жакшы бийлик кылган жерде.

Дөөлөттүү болсо беги, бакыт басып,

Эли ток, жери гүлдөйт ырыс чачып.

Элинин беги болсо адилет, түз,

Бузукка андай жерде табылбайт иш.

Эгерде бектер берсе жакшы заңды,

Дей бергин бузуктар бүт абакталды.

Адамдарга жакшы киши баш болсо,

Кызматы да андай жерде оң жолдо.

Жакшы ададмга бийлик берсе, оңолот,

Эли жыргап, жери гүлгө оронот».


«Боорукердик, - деди Элик, - жакшы сапат,

Асылды жакшы адамдар жарата алат.

Жакшылык өзү жакшы, баасы кымбат,

Андан да аны жасоо кымбатыраак.

Бузук жаман. Жаман да ага барган,

Эң жаман жамандыкты кылган адам.

Арзан буюм чачылып жерде жатат,

Парча, шайы кымбат да – төрдө жатат.

Жакшылык кылган жанды көкөлөтөт,

Жамандык кылган адам көргө түшөт.

Бул тууралу бир сөз бар жакшы айтылган,

Жакшы сөзгө муюган жакшы адам:

«Жакшы иштин жолу татаал, тайгалак,

Дилгир жетет, жалкоолор куру калат.

Жакшылык кылуук ымбат баарынан,

А наадандар жакшылыктан куру жалак».


Жакшылыкты дайым баалайт чыныгы адам,

Жакшылык унутулбайт элде калган.

Угуп ал айткан сөзүн абышканын,

Баба сөзү эсиңде бек сакталсын:

«Боорукер бол дайыма, эстүү адам,

Жакшы сапат эч качан карыбаган!

Жакшылык арыбастан жапжаш калат,

Өмүрү узун болуп, даңкы чыгат!»


  • Акыйкаттык:

^ Бийлик менен улуулук урматталат,

Чындык менен укукту жүрсө кармап.

Жакшы бектин бийлиги мактоого тең,

Андан да мыйзамы артык элге берген.

Бекем бийлик кааласаң, эч унутпа:

Акыйкат жол - ишеничтүү мыйзамда.

Мыйзам бийлеп турган жерде эл жарды эмес,

Кылым бою анын ысмы жашап келет.

Мыйзам болсо гүлдөйт өлкө, бүт дүйнө,

Эзүүдөгү өлкө, дүйнө - бүт көрдө.


Чындык менен иш кылам ,көндүм ага,

Бексиңби же кулсуңбу – бирдей мага.

Уулумбу, бөтөн жанбы, тууган же дос,

Жолоочубу жолдогу, күтпөс жолдош

Мыйзам менен баарын бирдей мен карайм,

жөнү жок каралабайм, актабайм.


Жакшы айтыптыр бир сөздү тектүү адам,

Боорукер элге жанын аябаган:

«Өз пайдасын ойлобойт асыл адам,

Эл кызматын кызмтын аткаруу адат ага.

Пайда алып кел элдерге – жубайт көңүл,

Жансыз өлүк – пайдасыз өткөн өмүр!»


^ Мугалимдин казынасына


Махмуд Кашгари (Барскани)

Махмуд ибн Хусейн ибн Мухаммад (Махмуд ал-Кашгари) Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде Барскоон шаарында туулган. Ал Караханиддердин хандарыынын тукумунан болгон. Анын 1072-1074-жылдары Багдададда жаралган «Диван лугат ат-түрк» («Түрк тилдеринин сөздүгү») аттуу эмгеги аны элге таанымал кылган. Азыркы кезде бул окумуштуу жөнүндө белгилүү болгон аз сандагы маалыматтар «Диван лугат ат-түрктө» сакталган.

Махмуд Кашгари көп саякаттаган, түрк тилдеринин диалектерин изилдеген. Махмуд түрктөрдүн элдик салттарын, Куранды жана Караханиддин сарайындагы этикетти бирдей жакшы билген. Ал өз чыгармасын Араб Халифатынын башчыларына арнаган. Ал кезде анын аскердик-саясий системасында түрк урууларынан чыккандар негизги орундарды ээлешкен. «Диван лугат ат-түрк» бай лексикалык материалдан тышкары Борбордук Азиянын түрк урууларынын этнографиясы, социалдык жактан уюштурулушу, улуттук-саясий түзүмү баалуу маалыматтарды өзүнө камтыйт. «Мен өзүм эң таза тилде сүйлөгөн түрктөрдөн чыксам да, - деп жазат автор, - түрктөрдүн (караханиддик), түркмөндөрдүн, огуздардын, чигилдердин, ягмалардын, кыргыздардын бардык элдерин, айылдарын, талааларын кадам калтырбай басып өттүм …».

Махмуд өз чыгармасына дүйнөнүн тегерек түрүндөгү оригиналдуу картасын тиркеп койгон. Ал карта географиялык обңектилердин сейрек кездешүүчү майда маалыматтары жана бөтөнчө жайгашуусу менен айырмаланат. Ошол мезгилде жалпы кабыл алынган «дүйнөнүн борбору» Меккенин ордуна Махмуд картанын борборуна өз шары Барскоон менен Ысык-Көл көлүн жайгаштырган. Картада кыргыздардын отурукташкан жери көрсөтүлгөн эмес, бирок тексте алардын өлкөсү ыраакы түндүк-чыгышта, түрк тилдүү уруулар отурукташкан аймакта, башкача айтканда болжол менен Иртыш дарыясынан түндүгүрөөктө жайгашкан деп айтылат.

Азыркы кезде Махмуддун кыргыздар менен кыпчактардын, карлуктардын тили жана салттары жакын экендиги жөнүндөгү ырастоолору актуалдуу болуп эсептелет. Анын биздин күнгө чейин жеткен Орто Азия жөнүндө эмгеги автордун өлкө менен түздөн түз таанышуусунун негизинде жазылган. Ошондуктан Махмуд Кашгарини адисттер орто кылымдагы түрк элдеринин чыныгы энциклопедиясы деп аталат.

Борбордук Азия элдеринин маданияты жана поэзиясы жөнүндө айта турган болсок, алардын чыгармачылыгындагы, стилдериндеги жана жанрларындагы окшоштук айкын болот. Алсак, Насир Хусравдын к младшим жолун жолдоочулары деп Омар Хайямды атаса болот.


^ Омар Хайям (1040 – 1123-ж.) – перс-тажик акыны, математик жана философ. Өмүрүнүн көпчүлүгүн Балта, Самаркандда, Исфаханда жана Орто Азия менен Ирандын башка шаарларында өткөргөн. Философияда Арестотел менен Ибн Синанын жолдоочусу болгон жана 66 рубаинин автору. Омар Хайямдын стили өтө сыйымдуу, жыйнактуу, көркөм каражаттары жөнөкөй, ырларынын тили так, ритми ийкемдүү. Негизги идеялары – эки жүздүүлүктүн бетин ачып, кескин сынга алуу, жеке инсандын эркиндигине чакырык. Бул каарман – козголоңчу жана кудайга каршы чыккан, зомбулуктун душманы.


Жана фарси тилиндеги поэзиянын классикалык доорунун аяктоочусу перс жана тажик философу жана жазуучусу ^ Абдуррахман Нураддин Жами (1414 - 1492) болуп эсептелет. Жаминин чыгармачылыгынын алгачкы мезгилине прозаикалык суфисттик трактаттары кирет. Жаминин жогорку этикалык идеалдарга толгон чыгармачылыгы перс тилиндеги адабияттын гана эмес, ислам дүйнөсүндөгү башка көптөгөн адабияттардын өнгүшүнө зор таасир тийгизген.


Ырлар окулгандан киийн мугалим балдарга тандалып алынган темалардын каалаганы боюнча орто кылымдагы акындын стилинде төрт сап ыр чыгарууну сунуш кылат. Андан кийин иштижыйынтыктап, Насири Хусравдын азыркы Кыргызстандын аймагында жашап өткөн замандаштыры Жусуп Баласагындын жана Махмуд аль Кашгаринин, ошондой эле Чыгыштын акындары Омар Хайямдын жана Жаминин чыгармачылыгына кайрылууну сунуш кылат.


Чыгармачыл лаборатория: Cинквейн*


Мындай адабиятка ишенимсиз караган окуучулар өз көз караштарын өзгөртүп, орто кылымдын улуу акындарынын, окумуштууларыын, философторунун жана саякатчыларынын поэзиясынын сулуулугуна, акылмандыгына жана актуалдуулугуна татыкту баа берет деп ишенгибиз келет. Жана Борбордук Азиянын акындары менен фыилософторунун чыгармачылыгы биздин күндө да манилүү экендигин таанырыбызды ырастоо катары жана маданияттврдын диалогу жөнүндө маекти жыйынтыктап балдарага Синквейн түзүүнү сунуш кылса болот. Жыйынтыктоонун мындай түрү класстык сааттын (сабактын ,семинардын ж.б.) темасына ой жүгүртүүнүн акыркы кайрыгы болот жана эң жаркын эмоциялык ыргакта аяктоого жардам берет.


*Синквейн – сын ой жүгүртүү усулунда колдонулуучу жыйынтыктоонун ыкмасы. С. Төмөндөгүдөй үлгүдө түзүлөт: 1-сап – сөз – зат атооч (мында акындын ысмы же кептин өзөгү); 2-сап – 1-сапта аталган сөздү мүнөздөй турган эки сын атооч сөз; 3-сап – 1-сапта аталган зат атооч аткара ала турган кыймыл-аракетти атоочу этиш; 4-сап – төрөт сөздөн турга сүрөттөлүп жаткан затка (1-саптагы сөз менен аталаган) тиешелүү сүйлөм же фраза. Синквейн 1-саптагы сөзгө мааниле болуучу бир сөз – зат атооч менен аяктайт.


Мисалы, Насири Хусрав жөнүндө синквейн:

Хусрав

Акылман, адилет

Ой жүгүртөт, жаратат, саякаттайт

Пейили таза, жүрөгү ачык

Ойчул


Маданияттардын өз ара аракеттенүүсү боюнча синквейн:

Дүйнө

Жалпы, цивилизациялуу

Өз ара байытат, жардам берет, жашайт

Бардыгы үчүн жалпы мейкиндик

Кызматташтык


^ Мугалимдин казынасына


Кыргызстан – биздин жалпы үйүбүз

Биздин өлкө – уникалдуу. Буга анын географилык жайгашуусу өбөлгө болуп турат: бул жерде коңшулаш жашаган көптөгөн улуттар менен элдердин маданияттары, үрп-адаттары жана салт-санаалары жөн эле туш келишпестен, бири бирине жуурулушуп, кошулуп турат.


^ Мугалим өткөрүлөгн иш-чаранын жүрүшүндө иштелип чыккандарга жана төмөндө келтирилген маалыматка таянуу менен сабактыгын жыйынтыгын чыгарат.


Абалкы коомдук мамилелер бузулуп, жаңы жашоонун экономикалык жана саясий системанын оор кыйынчылыктар менен калыптанып жаткан мезгилинде биздин өлкөдө мамлекет менен коомдун өрчүшүн күчтөнтө турган жаңы мамилелердин калыптанышы өтө манилүү. Шайкеш мамилелердин улуттук чөйрөдө, бул жерде жашап жаткан элдердин ортосундагы маданий мамилелер чөйрөсүндө да калыптанышы абдан зарыл. Тилекке каршы, бөлүнүп-жарылуу тенденциясы бүткүл дүйнө боюнча актуалдуу болуп калды, ал эми элдер ар түрдүү улуттук топтордун мамлекетте биригүүсүнөн кандай пайда болорун, ал кандай күч берерин байкабагандай.

Азыр Кыргызстанда улуттук бөтөнчөлүктү, улуттук аң-сезимди, Кыргызстанда жашаган бардык этникалык топтордун татыктуу жашоосу үчүн мүмкүнчүлүктрөдү издөө процессии жүрүп жатат. Республиканын ар кайсы райондорунда жүргүзүлгөн социологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, күнүмдүк турмуштагы баарлашууда, иште жана турмуш-тиричиликте ар түрдүү улуттун адамдары бири бирине жогорку деңгээлдеги ишенимди жана толеранттуулукту көрсөтүшөт.

Биргелешип жашоонун негизин элдер руханий дүйнөдөн, маданияттан, улуттук бөтөнчөлүктүн өнүгүүсүнөн, ошону менен бирге өз ара мадиний байышуудан көрүшөт. «Адам, - деп жатат Насири Хусрав, - өз жүрөгүндө акыл жана руханий формаларды түзүп, аларды келишимдүү түргө келтирүүгө жана аларды орой материя менен бириктирип, ал эми билип тааныган акылмандыкты кепке жана жазмаларга айландырууга жөндөмдүү».

^ Андыктан, келгиле, биздин жасагандарыбызда ишке ашуусу үчүн, өз жүрөгүбүздө келишимдүү түзөлү!


Коштошуу оюну


Өткөрүү мөөнөтү: 10 – 15 мүнөт

Зарыл материалдар: фломастерлер, А-4 формасындагы ак (түстүү) кагаздар.

Өткөрүү шарты:

Балдардын ар бири бирден кагаз алып, ага өз алаканынын сөлөкөтүн чийип түшүрүп, бир несче сөздөн турган кандайдыр бир өзүнүн каалоосун жазат. Андан кийин «алакандарды» тартуулоо аземи болот: балдардын бири өз «алаканын» эстеликке бергиси келген окуучунун атын атап, ага өз кагазын берет. Экинчи бала да башканын атын атап, ага өзүнүн «алаканын» жана каалоосун тапшырат, үчүнчү бала да ошону кайталайп, ошентип, желе пайда болот. Акырында, бул аземди баштаган балага акыркы «алакан» келип тиет. Жолугушуу же жолугушуунун топтому ягына чыгып калды …

Бирок канча сезимдер, канча толкундоолор баштан өткөнүн, канча «укмуштардын бети ачылганын», эми Жолго дайыма алынып жүрө турган «жол куржунга» канча тажырыйба топтолуп салынганын ким санай алат? …

* * *


Сунуш кылынуучу көргөзмө каражаттар, материалда жана окутуунун техникалык каражаттары:


    • Борбордук Азиянын географиялык картасы.

    • Иш-чаранын аталышы жазылган плакат: «Түркүстандын маданий мурасы: келечек үчүн диалог».

    • Насири Хусравдын, Жусуп Баласагындын, алардын улуу жана кичүү замандаштары, Борбордук Азиянын акындарынын бейнелери.

    • Чыгыш ыр-күүлөрү жазылган аудио материалдар жана магнитофон.

    • Ватман кагаздар, маркерлер, кайчылар, скотч.

    • «Ыйык жерлерде ыйык салттар» CD (Кристенсен фонду, Ага Хандын «Адам таануу» программасы), «Киносервис» бирикмеси, Тажикстан, 2005


Колдонулган адабияттар:


  1. Арабзода Нозир. Мир идей и размышлений Носира Хусрава. «Нодир» басмасы, Душанбе, 2003

  2. Насири Хусравдын чыгармалары (тандалган ырлар).

  3. Солдатова Г., Шайгерова Л., Шарова О. Жить в мире с собой и с другими. Тренинг толерантности для подростков. Москва, 2000

  4. Уметова А. Этничность и межкультурный диалог как основа формирования гражданского общества и устойчивого развития Кыргызстана, Бишкек, 2004

  5. Хонсбергер С. Носири Хусрав лаңли бадахшон. Душанбе, 2003

  6. Касымжанов А.Х., Мажиденова Д.М. Очарование знания. Фрунзе: Кыргызстан, 1990

  7. Благодатное знание.- Л.: Советский писатель, 1990. - с. 28 – 35

  8. Брагинский, Литература XI—XII вв. Литература Ирана и Средней Азии. – М.: 1984.

  9. Малерб М., Религии человечества. – М.-СПб.: 1997. – с. 185

  10. Ислам, Энциклопедический словарь. – М.: 1991. – с. 111

  11. Баласагын Ж. Куттуу билим. (которгон Т.Козубеков) – М., «Ник», 1993


Сөздүкчө:


  1. Маданият – адам баласынын экономикалык, коомдук жана акыл жагынан жетишкендиктеринин топтому.




  1. Чыгармачылык – камтыган ою боюнча жаңы маданий жана материалдык баалуулуктарды жаратуу.




  1. Цивилизация – тиги же бул тарыхый доорго мүнөздүү болгон коомдук өнүгүүнүн жана материалдык маданияттын баскычы.




  1. Дефиниция – тиги же бул түшүнүккө аныктама, түшүндүрмө.



  1. Идентификация – окшоштук, жалпылыктарды, төп келүүлөрдү аныктоо.




  1. Этнос – тарыхый жактан калыптанган топ (уруу, эл, улут).




  1. Толеранттуулук – башкалардын пикирине, диний ишенимине, жүрүм-турумуна чыдамдуулук жана түшүнүү менен мамиле кылуу.




  1. Адабият – көркөм чыгармалардын (поэзиянын, прозанын, драманын) жалпы топтому.




  1. Поэзия – мааниге толгон жана бөтөнчө курулган кеп, сөз искусствосу.




  1. Рубаи – Чыгыш элдеринин поэзиясында ааба, (кээде - аааа) айкашынан турган жана тез өрчүгөн ойлорду билдирген төрт саптуу лирикалык-философиялык чыгармалар. Омар Хаямдын рубаисинен мисал:

^ Асылзаттар бири-бирин сүйө, ( а )
Өзүн унутат, башканын муңун көрө …
( а )
Ар намысты, күзгүдөй жылтыракты кааласа
ң,- ( б )
Болорсу
ң сен сүйкүмдү, алды эч кимге көз артпа. ( а )


  1. Суфизм – ислам дининде 8-9-кылымдарда пайда болгон мистикалык агыыыым. Суфизмге идеалисттик математиканын (дүйнөнүн эч өзгөргүс негиздеринин) аскетизм (жашоонунун жыргалынан баш тартып, өтө жупуну турмуш өткөрүү) менен айкашы мүнөдүү.




  1. Синквейн – сын ой жүгүртүү усулунда колдонулуучу жыйынтыктоонун ыкмасы. С. Төмөндөгүдөй үлгүдө түзүлөт: 1-сап – сөз – зат атооч (мында акындын ысмы же кептин өзөгү); 2-сап – 1-сапта аталган сөздү мүнөздөй турган эки сын атооч сөз; 3-сап – 1-сапта аталган зат атооч аткара ала турган кыймыл-аракетти атоочу этиш; 4-сап – төрөт сөздөн турган сүрөттөлүп жаткан затка (1-саптагы сөз менен аталаган) тиешелүү сүйлөм же фраза. Синквейн 1-саптагы сөзгө мааниле болуучу бир сөз – зат атооч менен аяктайт.


Булактар: СЭС, 1984; Словарь русского языка С.И. Ожегова, М, «Русский язык»1990; Словарь иностранных слов, М, «Русский язык», 1987.


Марченко Л.Ю


^ ПОЭЗИЯ ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ


Адам – бул бүтүндөй дүйнө

Өзбек макалы


Гениалдуулуктун күчү - мезгилдерди байланыштырып турганында.

Зульфия, өзбек акыны.


^ Мугалимдин казынасына


Борбордук Азияын акындары менен философторунун чыгармачылыгы жөнүндө мурунку бөлүмдө башталган кепти улантып, биp XIX жана XX кылымдын башында жашаган өзбектин акын айымдары менен тааныштырууну баштайбыз.

Түрк адабиятынын тарыхында акын аялдар аз болгон эмес. Мимсалы, түрк акыны Михри-хатун ( болжолдуу 1456-1512), Азербайджан акыны – Натаван (1830-1897) ж.б. бирок аялдардын поэтикалык чыгармачылыгы өзбек адабиятында эң кенен жайылгып, ал XIX жана XX кылымдарда туруктуу салтка ээ болгон.

Өзбек акын аялдары менен таанышуудан сырткары, бул сабак гендер маселесине кайрылууга мүмкүнүчлүк берет. Азыркы кезде гендердик маселени эске алуу талабы бардык окуу куралдарын жана иштелмелерге, сабактын материалынын мазмунуна жана көрсөтмө материалдарга коюлуп жатат. Ошондуктан сабак өткөрүп жатып, түрк йнөсүндө ырларды акын кишилер да, акын аялдар да жазгандыгына, ала бирдей формаларды колдонуп, чыгармачылык бийик деңгээлге бирдей жетишкендигине балдардын көңүлүн буруу керек.


^ Бул ар түрдүү жана ажайып кооз дүйнө!


Ар түрдүүлүк баалуу экендигин баса көрсөтүү үчүн, сабактын башында ыйгарымдуу билимдин корунан алынган4 «Жети нота» көнүгүүсүн колдонсо болот.


«Жети нота» көнүгүүсү


Көнүгүүнүн максаты: Көп түрдүүлүктү көрө билүүгө, аны баалоого жана аны ар кандай колдоно билүүгө үйрөнүү.

Өткөрүү мөөнөтү: 10-15 мүнөт

Сабактын башында музыкалык чыгармадан 1-2 мүнөт, мүмкүн болушунча, өзбек күүсүн угузса болот.

Мугалим төмөнкү суроолорду берет:

- Кандай дейсиңер, кайсы нотанын музыкалык чыгармада биринчи болу укугу бар?

- Кайсы бир нотаны башка нотадан манилүү деп эсептесе болобу?

- Бардк жети нотаны колдонуу бизге эмне берет?

Мугалим балдарга чакан топторго бөлүнүп алып төмөнкү суроого жооп берүүгө аракет кылууну сунуштайт:

Адам баласынын (расалык, гендердик, диний, улуттук, курактык ж.б.) көп түрдүүлүгү дүйнөгө эмне бериши мүмкүн?

Балдар суроону талкуулашып, ал турсун, «тынч (бейкут) көп түрдүүлүк» элге бере турган пайдаларды кагаз бетине тарта алышат.

Топтор өз иштеринин натыйжасын чакан презентациялагандан кийин, мугалим балдарды дүйнөнүн ар түрдүү болуусунун зарылдыгы жана пайдасы жөнүндө тыянакка алып келет. Андан кийин мугалим окуучуларга өзбек акын айымдары менен таанышууну сунуш кылат.


^ Мугалимдин казынасына

Өзбек акын айымдарынын өмүр таржымалы менен таанышууну ар түрдүүчө уюштурса болот. Бул чакан театрлаштырылган оюн же «Мен сиздерге тааныштыргым келет» ыкмасынын элементи колдонулушу мүмкүн.


Эң белгилүү эки өзбек акын айымы Увайси менен Надира коомдук абалдарынны айырмачылыгына карабастан дос болушкандыгы белгилүү. Эки окучу кыз алардын ролун ойноо менен бири бири жөнүндө айтып бере алышат.

Эгер мугалим сабакта Махзуна менен Дилшаддун ырларын колдонсо, анда алар да бири бирин тааныштыра алышат. Же бул «акын Фазли» болушу мүмкүн. Аны менен Махзуна мушоирде (поэтикалык диалогдо) катышкан, ал эми Дилшадды ал Кокондо Нодиранын сарайында болгон мезгилинде билиши мүмкүн болчу.


^ Чыныгы сөз чеберлери - Нодира, Увайси, Махзуна жана Дилшад …

Надира (Нодира)

Махлар-айым (1790Ө91 - 1842), адабиятта Надира (башка аттары - Камила (Эч кынтыксыз), Макнуна (Сырдуу) деген ысым менен белгилүү, Андижан бийи Рахманкул-бектин үй-бүлөсүндө туулган. Надира атын-ай – мугалим аялдын үйүнөн билим алган. Ал өз үйүндө өспүрүрм кыздырды окууга, кээде жазууга үйрөтчү.

Кийин Надира чыгыш адабиятынын классиктеринин чыгармаларын өз алдынча окуй баштайт.

Надиранын чыгармалары боюнча ал өз эне тилинен тышкары араб, түрк, азербайжан жана перс-тажик тилдерин билгендигин айтса болот. Өзүнүн өзгнөчө жөндөмдүүлүгүнүн аркасында поэтесса көп билимге ээ болгон:

Махнунанын көңүл түпкүрүндө шыгы болгон,

Ал эч сыйбас акылга да, сезимге,

Айта албайсың сөз менен да эч кимге.

деп жазган ал кийинчерээк.

Ырларды Надира өспүрүм кезинде эле жаза баштаган. Поэтессанын алгачкы мезгилдеги чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү – адамдын сезимдерин жана ички бай дүнөсүн жана аны крчап турган нерселадамдын сезимдерин жана ички бай дүнөсүн жана аны курчап турган нерселерди калыс билдирүүгө умтулуу. Надиранын жашоону романтикалык түрдө кабыл алуусунун булагы элдик поэтикалык чыгармачылык болгон.

Махлар-айым (Надира) жаш кезинде эле өзүнүн кайталангыс сулуулугу, тунук акылы жана поэтикалык жөндөмү менен бүтүндөй Ферганага белгилүү болгон.

1807-жылы ал Маргеланды бийлеп турган Умар ханга турмушка чыккан. Ал да Амир деген жашыруун ат менен ыр жазчу. Бул нике алгач поэтесса бакыт жана күйөөсүнүн сүйүүсүн алып келген. Анын акын катар жөндөмүнө суктануу менен Надира:

Надира сүйүүнүн күчү жөнүндө кеп кылганда,

Ал Умар хандын ажайып кооз ырларын эстейт, - деп жазган.

Маргеланда Надира кайрадан сүйүктүү китептерин окууга берилип, ыр жазууга машыгат. Ал бул жерден элге таанымал болгон маргеландык акын айым Жахан-атын Увайси менен таанышып, бекем достук мамиле түзүп, аны өзүнүн балдарынын тарбиячысы зжана музыкант катары хандын сарайына чакырат.

1812-жылы сарайдагы төңкөрүштөн кийин Умар хан Кокон хандыгынын тагына отурат. Ал Коконго аялы менен уулу Мухаммед Али-ханды көчүрүп келет. Ошол мезгилден тартып жаш акын айым өз өмүрүн адабият менен бекем байланыштырып, чыгармачылык менен олуттуу алек боло баштайт.

Надира Кокондун маданий жана адаюий турмушунда активдүү катышат. 1822-жылы Умар хан дүйнөдөн кайткандан кийин бийлик анын он төрт жашар уулуна өтөт. Ошондон тартып ханчылыкта чыныгы бийликти Надира жүргүзүп, ал мамлекеттик иштерди жүргүзүүдө өзгөчө жөндөмүн көрсөтөт.

Ал акындарга, окумуштууларга, искусство чеберлерине колдоо көрсөтөт. Анын буйругу менен көптөгөн коомдук имараттар – мейманканалар, мончолор, мечиттер, медреселер жана канаван сарайлар, жетимдер үйү жана жолоочулар үйүн баш калкалар үйлөр, базарлар жана соода түйүндөрү курулган, о.э. ал көчөлөр менен сейил бактардын курулушуна кам көргөн.

Ошол мезгилде Надиранын сүйүү, шарап, жаз темаларына арналган чыгармаларында жарандык кайрыктар бир топ күч алып, социалдык тематика пайда болот.

Надира ак сарайдагы гана жашоону эмес, карапайым элдин турмушу жөнүндө да жакшы билген. Бийлик башындагылардан ал боорукерликти жана берешендикти, калыстыкты жана кайрымдуулукту талап кылган:

Эгер падыша элдин абалына карабаса,

Анын улуктугу, бийлиги, зоболосу да, даңкы да пайдасыз.

Карапайым калкка кайрымдуу ал акылман падыша,

Б
Надира: «Кедейкембагалдар менен үйсүздөргө жардам кылып, колдоо көрсөткөм, о.э. кедей адамдарды жокчулуктан арылтып, алардын ыразычылыгын алып, мен кайрымдуулук жана борукерлик кылгам… Чет-жакаларда окуучуларга көңүлдү кубанта турган медресе, соодагерлер үч үн чоң караван-сарай курдурдум. Зор күч менен аскерлердин ээнбаштыгын тыйып, элге тынчтык тартууладым. (Ошону менен) өлкөдө бейпилдик куруп, кайгы тарткандардын жүрөгүнө кубаныч алып келдим. Окумуштуулар менен агартуу адамдарына жетишерлик кайрымдуулук жана камкордук кылдым. Ошонун аркасында алар белгилүү жетишкендиктерге ээ болушту» деп жазган.
олбосо коопсуздук менен сактыкты орнотуу … эч пайдасыз.


Надира ырларды өзбек жана перс-тажик тилинде жазган. Анын перс-тажик диванына (диван - ыр жанрларынын бири) киришүү жазган белгисиз автор поэтесса жөнүндө:


Ал ар-намыска, кадыр-баркка жана даңкка конгон,

Чыгармачылыгы анын көркөмдүккө, боорукерликке толгон,

Анын сапаты жана кынтыксыздыгы жөнүндө билгиң келсе,

Анын эркиндикти сүйгөн ырларын окуп ойлон. – деп жазган.


Бир караганда акын айымдын өмүрү бактылуу болгон. Бирок өмүрүнүн акыркы жылдары кайгы-капа менен өткөн: Надира урулар арлык уруш-талаштардын курманы болот. Мунун бары поэтессанын эң мыкты он сап ырларынын (маушшадын) биринде чагылдырылган.

1842-жылы Бухаранын эмири Насрулла Коконду басып алып, Надиранын көзүнчө анын сүйүктүү небересин өлтүрүп, Надираны шарияттын мыйзамын бузду деп күнөөлөп эки уу менен бирге дарга астырат. Насрулла эмир Бухарага кайтып, Кокон тагына Шерали хан отургандан кийин, Надира менен анын эки уулунун сөөктөрү сый-урмат менен падышалардын күмбөзүнө коюлат. Надиранын мүрзөсүнүн баш жагында чоң таштардан курулган эстелик азыркыга чейин акын айым жөнүндө эскертип турат.


Надира өзү Дивандын пайда болушу жөнүндө мындай деп жазган:

«...Мен өзүнчө барактарга газелдерди, мухаммастарды жана рубаилерди жазып жүргөм. ал барактарды окугандардын баарына ырларым жакчу. Акыры мага кызмат кылып жүргөн окумуштуулар менен акылман досторум жана эң жакшы маекчи-акын айымдар бул баракчалардын мындай абалы эч нерсе бербейт, ал баракчаларды шамал айдап чачып жибере электе ирети менен топтоп көчүрүп жазып койсо, улуу даражалуу Амирдин дивандары менен катар чакан диванга айланып калар эле жана ал достор үчүн кубанычтын булагы болуп, ага достор сыйынышып, күнөөлөрүнөн ар эле деген өтүнүч менен кайрылышты. Аргасыздан мен бул кадырлуу акылмандар менен таза кыял кыздардын сыйга татырлык каалоосун кабыл алып, ырларды жыйноого кириштим. Ар бирди кылдат көчүрүп жаздым жана ар бирине жалпы жыйнакта орун табылды. Мүмкүн досторума жана пейили кенен адамдарга алар жагып калар, жана алар бизди жакшы сөздөр менен эскеришер».



Н
^ Муну билүү кызык


2006-жылдын декабрында Лондондо Өзбекстандын элчилиги менен британиялык-өзбек достук коому уюштурган британиялык белгилүү композитор жана гитарист, Брунель университетинин профессору Питер Уэйголдун, Лондон университетинин чыгыш жана африкалык изилдөө мектебинин искусство мугалими (дутар жана вокал) Розия Султанованын, британиялык жана өзбек аспапчылар (сурнай, карнай, дойра жана электр гитарасы) тобунун катышуусунда «Өзбек дутары жана батыш гитарасы» деген аттагы концерт болуп өткөн.

Концертте 80ден ашуун меймандар – искусство жана маданият ишмерлери, Улуу Британиянын аккадемиялык, эксперттик, коомдук чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү, о.э. массалык маалымат каражаттары болгон.

Музыкалык кечеде ХIX кылымдын акын айымдары Нодира-бегим менен Увайсинин сөздөрүнө жазылып, англис тилине которулган беш ырдан турган кайталангыс программа даярдалып аткарылган. Ал ырлардын обонунда сейрек кездешүүчү өзбек улуттук аспаптарынын үн кайрыктары заманбап музыкалык аспаптардын мүмкүнчүлүктөрү менен айкашып берилген эле.

http://jahon.mfa.uz/print.php?sid=6007
адира жогорку поэтикалык жөндөмгө ээ болгон. Анын ырлары, өзгөчө акын Амири менен болгон поэтикалык алым-сабак (мушаира) өзбек адабиятын байыткан. Надиранын поэтикалык дүйнөсү өзгөчө жаркын, көркөм лириканын анын оор турмушуна байланышкан трагедиялык кайрыктар менен өзгөчө айкашынан турат. Анын ырлары поэтикалык жактан жогорку деңгээлге жеткен жана газелдин салттуу образдарын айкаштырууда укмуштуу фантазия менен белгиленген. Анын лириканын башка жанрларында жаратылган чыгармалары да кызыктуу.

Бардыгы болуп Надира ич диванда топтолгон он миңге жакын ыр мураска калтырган. Анын экөөсү өзбек тилиндеги ырларды, бири тажик тилиндеги ырларды өзүнө камтыйт. Анын газелдеринин көпчүлүк бөлүгү ийкемдүү, жеңил жана сөз чеберчилиги жагынан айырмаланган сүйүү лирикасынан турат. Надиранын обонго салынган айрым газелдери азыркыга чейин элдик ырлар катары кеңири таанымал.

Надира:

Өз атыңды жакшы иш менен даңазалоого умтул,

Жакшы ысмың (бул дүйнөдө) Сенин изиң болуп калат, - деп жазган.

Азыр Надиранын чыгармачылыгын адабият таануучулар изилдеп жатышат. Акынды жана анын ырларын ата мекенинде унутпай келишет жана сүйүшөт. Андижанда Надиранын ысмын шаардын борбордук көчөсү, кинотеатр жана маданияттын башка курулуштары алып жүрөт.

Увайси

Д
Надир деген акын Надиранын хан-сарайындагы акын айымдар ийрими жөнүндө минтип жазган:


Надира сарайында өзүнүн жанына.

Туш тараптан көптөгөн аялдары чогултуп алган,

Алардын баары акылдуу жана татыктуу.

Алардын баары тең көрөгөч.,

Алардын баары сопу, динчил.

Алардын баары Зебуннисадай акын,

Алардын баары такыбалык жагынан Марияга тең келген,

Алар менен Айымдын жүрөгү ыраазы болгон...
жахан-биби, же Джахан-отын, Увайси псевдоними менен жазган, ал 1780-жылы Маргаланда илимпоз, акын
Кайнар-каландардын үй-бүлөсүндө туулган. Апасы Чинни-биби кыздарды үйүндө кат-сабатка үйрөткөн. Атасы менен апасы кызын илим менен тааныштырышкан, ыр чыгарганга үйрөтүшкөн, кийинчирээк Увайси өзбек адабиятынын поэзиясын өз алдынча окуган.

Джаханды жаш кезинде эле турмушка беришкен. Күйөөсү орой, караңгы адам болгон. Жаш акын үй-бүлөсүн таштап Коконго кетип калган. Умар-хандын сарайында акындардын чогулушу болуп, айтыштар да өткөрүлчү эле. Увайси ошол чогулуштарга баруу үчүн көп аракет жасап, акыры караң кемпирдин кейпин кийип, ал жакка барган. Анын калпы чыгып, бирок Увайсини чыгарма-чылыгы үчүн сарайда калтырышкан: ал Умар-хандын жубайы Надирага өнөктөш болуп алынган. Көп узабай эле Увайси ага акындык өнөрүндө устаты болуп калган. Алардын достугу көп жылдарга созулат.

Бирок, төрөлөр арасында Увайсинин турмушу бейкут болбосо керек. Буга акындын ырларында анын балдары (уулу менен кызы) акча-каражатка муктаж болгонун кыйытып жазганы мисал боло алат. На­диранын күйөөсү, Умар-хан, акындын баласын, энесинин кайгысына карабастан, Кашкарга жөнөтүп жиберет:


^ Досторум, айрылдым мен жан уулумдан,

Мындан көрө жакыр болуп калсамчы.


Бирок акынды дагы бир балекет күтүп турган. Уулунан ажыргандан кийин, акын сүйүктүү кызынан да айрылат.

Атак-даңктуу акын хан сарайында жашаса да, ошол замандын башка аялдарындай эле, анын ичинде колдоочусу сыяктуу укуксуз болгон. Мисалы, Увайсинин күйөөсү көз жумгандан кийин, хан акынды жакшы көрбөгөн кишисине турмушка чыгууга мажбурлагандыгы белгилүү. Увайсинин макул болбогондугу ал кишинин кыжырын келтирип, хандын макулдугу менен акындын үй-жайын ээлеп алган.

Увайси Маргилан шаарында 1855-жылы 65 жаш чамаларында дүйнөдөн кайткан.

Турмушта көргөн азаптары Увайсинин чыгармачылыгына өз таасирин калтырган. Ал кайгы-муңга толгон. Увайсинин поэзиясынын эң негизги темасы— аялдын коомдогу оор турмушу. Бул тема анын атуулдук ырларынан баштап, сүйүү лирикасына чейин бүт чыгармачылыгында чагылдырылат. Акындын поэзиясындагы бул тема өзбек адабиятында биринчи жолу таасирдүү, күчтүү жазылган.


^ Мезгилдин азабынан жүрөгүм жараланды, жараланды,

Тагдырдын ташбоорунан жүрөгүм жараланды, жараланды.

Карөзгөй душманымдын кылычынан кансырап баратамын,

Наадандар жалаасынан жүрөгүм жараланды, жараланды.


Увайси кайгы-муң акыны катары турмушта инсан жана чөйрөнүн, адам менен коомдун өз ара мамилелеринин трагедиялык жактарын талдап чыккан.

Увайсинин толук дивандарынын төрт тизмеси бизге жетти. Балким, өз турмушунун кайгысы «Шахзаде Хасан» и «Шахзаде Хусейн» (Мухаммед пайгамбардын неберелеринин трагикалык өлүмү жөнүндө баян, Хасан жана Хусейн жөнүндө) дастандарын жазуууга түрткү бергендир. Дастандар “Кербала-наме” поэмасына бириктирилген. Увайсинин экинчи чоң чыгармасы-бүтпөй калган тарыхый поэмасы “Мухаммад Алихандын өмүр баяны”. Анда Кашкарга каршы согушка чыккан Умар-хандын баласы жана мурасчысы жөнүндө айтылган. Энеси баласын Маргаланга чейин узатып, ал жерде уулунун кайрылып келишин күтүп калып калат. Мээримдүү эненин образын Увайси чоң чеберчилик менен чагылдырган.

Увайсинин лирикасында чыгыш поэзиясынын классикалык жанры басымдуулук кылат, ошондой эле, адабиятка ал чистанды-ыр түрүндөгү табышмак-фольклордук жанрын киргизген. Анын газелдери айкын элестүүлүгү жана салттык образдарды башкача айкалыштыруудагы жетишкендиктери менен башкалардан трагедиялык образдарынын маанилүү көп кырдуулугу менен айырмаланат. Алардын бардыгынан чоң жана аруу сезими туюлуп турат.

Бир жарым кылымдан ашуун убакыттан бери акындын ырлары элдик ырчылар-хафиздер тарабынан ырдалып келет. Увайсинин ырларына элине болгон сүйүү, адилетсиздикке, анын доорундагы коомдун караңгылыгына, түркөйлүгүнө жана ташбоорлугуна нааразычылык мүнөздүү.


Махзуна

Мехрабон (Махзуна (поэтикалык псевдоними -«капалуу») XIX-кылымдын биринчи жарымында жашаган. Ал Кокондо туулуп бүт өмүрүн ошол шаарда өткөрсө керек. Турмушунда Махзуна өтө бактысыз болгон. Аны ал сүйбөгөн, караңгы кишиге турмушка беришкен. Шариаттын мыйзамдары жана салттары боюнча аялдар көмүскөдө, коомдон алыс кармалышы керек болгон. Бирок Махзуна поэзияга кайрылган. Ал үчүн поэзия дүйнөсү үй-бүлө кулчулугунун жана укуксуздугунун тар кишенин ачуу чарасы болгон. Надира менен Увайсинин катарында, ал кокон адабиятында өзүн көрсөтө алган. Акын өзбекче да, тажикче да жазган. Сыягы, ал көптөгөн чыгармаларын жаратса керек, бирок, бизге анын кээ бир ырлары гана жетти (эки газелдери, мухаммас жана мушоира Махзуна менен Фазли Наманганинин ортосундагы поэтикалык маек). Алар 1821-жылы түзүлгөн Фазлинин “Акындар чогулушу” антологиясына киргизилген. Бул ырлар темасынын жана формасынын салттуулугуна карабастан, акындын чоң шыктуулугун баалоого мүмкүнчүлүк берет. Алар дүйнөгө болгон көз карашынын жана образдарынын башкачалыгы менен өзүнө багындырат.



Фазли деген акын өзүнүн Махзуна менен болгон поэтикалык айтышы жөнүндө ыр жыйнагында төмөнкүлөрдү билдирет:

«Бир барктуу адамдын нур жүздүү, маңдайынан бакыт жылдызы төгүлгөн кызы болгон. Бул акылы жагынан теңелгис Зебуниссага барабар, белгилүү кокон акыны болгон. Ал атына заты жарашкан мээримдүү жана боорукер болгон. Мени дайым сынап турчу. Бул сулуулугуна периштелерди суктандырган чүрөк мени менен кат алышып турган. Ай жүздүүнүн псевдоними Махзуна болгон да, оюнун жогорку дэңгээли менен айырмаланып турган. Мен ага кандай гана газелдеримди жиберсем да, бул перижүздүү ар бир эки сап ырыма татыктуу, берметтей жаркыраган жооп тапчу. Бир жолу анын ырын окуп, мен абдан кубандым. Ошол замат мен анын үйүнө бардым. Мени көрөр замат ал: «Ырыңызды окуп бериңизчи»,- деди. Ошондо мен ага түркчө жазылган анын ырына суктанган ырымды окуп бердим...



^ СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

(Мушоира алым сабак)


Фазли

Сени мактайм, сен жазган ырды мактайм. Мааниси абдан терең ырларыңда,

Дайрадай дүйнө элесин чагылдырган сөздөрүң жандуу ойдун агымындай.

Махзуна

Бул саптардын мага ким сырын ачкан? Жаратат муну сүйүү оту гана.

Махабат баркын билет ошол адам, ким чыдаса мусапырлык, кайгыга.

Фазли

Жүрөктү сууругандай көкүрөктөн купуя биз айтпайбыз сөздөрдү ачык.

Келиндин жүзүн жапкан жоолукка окшоп, ыр саптар ыйман сырды турсун катып.

Махзуна

Катуу кетсем капа болбо. Күн көрбөй көлөкөдө өскөн байкуш чөптөймүн –

Жан сырымды ырга гана ишенип, жалгыздыкта жаштыгымды өткөрдүм.

Фазли

Эриниңдин кызылы шарап түспөл. Ошондуктан ырыңдын таасири артык.

Ичкендеймин ажайып курч шарабың – көңүл эргийт окусам ыр саптарың.

Махзуна

Мас кылбай, сергектентчү саптар да бар – күбөлөрү кайгылуу тагдырымдын.

Канчасы бүтө элек ырга айланып, ким билет унутулбай сакталарын.

Фазли

Өнөр алды – көркөм сөз сенде экен, акындыкка ким сени каныктырган:

Күн болбосо нукура жарык чачкан, ай шооласын төгө албайт чагылдырып?

Махзуна

Дайралар сансыз агып куйбаса эгер, деңизде асыл таштар кайдан болсун.

Толкуган сөздөрдү көп иргеп жүрүп, жазчумун кайра толкуп ырларымды.

Фазли

Соңку сөзүң угузчу, эсте калсын – мен, Фазли, жолго чыгам таң эртеңден.

Наманганга тезирээк жетсем деймин, өзүң айткан чындыктын деми менен.

Махзуна

Эмне дейин? Үйдөн алыс чыкпасам да, кайгы толгон дүйнөнү көрүп турам.

Китептен көчүрбөймүн ырларымды – тууган жердин муңунан жазам баарын.


^ Дильшад (Дильшод)

1967-жылы «Литературная газетанын” бетинде «Янгиюлдогу поэтикалык табылга» аттуу макалада, та­жик акыны Мирзо Турсун-заде Янгиюл шаарында “Барно” адабий псевдоними менен жазган Дильшаддын ырлырынын кол жазмасын тапканы жөнүндө айтылат. Ал ырларын өзбек, азербайжан жана тажик тилдеринде жазган.

Дильшад 1800-жылы Истравшанда (азыркы Тажикистандагы Уратепе айылы) туулган. Он жети жашында ал Надиранын күйөөсү Кокон ханы Умар-хан Истравшанга кол салганда Коконго айдалып кеткен. Ал жакта анын бүт өмүрү өткөн. Акын ырларында туулган жерине терең сүйүүсүн чагылдырган. Дильшод өзбектердин гана эмес, ошондой эле тажиктердин да сүйүктүү акыны болгон, ошону менен бирге өзүнүн чыгармалары менен эки элдин маданий жана адабий катнаштарынын үлгүсү болгон.

Хан-cарайда Надира менен канча убакыт болгону белгисиз. Хандын каарына калып, ал жактан кеткени жөнүндө маалымат бар. Ушундан кийин ал Кокондогу кыздар мектебинде элүү бир жыл иштеген. 1905-жылы дүйнөдөн кайткан.

Өзүнүн бир ырында Дильшад миңден ашык газелди жана ыр түрүндөгү табышмакты жазганын баяндайт. “Көчкүндөр тарыхы” аттуу автобиографиялык чыгарма да ага таандык. Дильшод Хафиз менен Навоиден окуганын сыймыктануу менен айтчу. Дильшоддун лирикалык чыгармаларында жашоого сүйүү, адамкерчилик, карапайым элине сүйүүсү чагылдырылган. Анын ырларында жаркыраган келечек жөнүндө кыялдануу ачык айтылат. Чыгармалары адам баласы жогорку дэңгээлдеги тагдырга ээ деген үмүткө толгон.

Таалайым жылдыз болуп жанса деген бир гана үмүт менен жашап келем.

Тагдырын адамдардын ырга айлантуу – өмүрлүк мүдөөм менин, жашап келем.

Сүйгөндөр жүрөгүнүн кагышын да ыргакка салсам деймин – жашап келем.

Кесеге мелт-калт куй да, ичип жибер – ошондой толук болсун жашоо деген!

Гүлдөп өс, көңүлүңдү кирдетпестен, жашап өт эң татыктуу жашоо менен!

Акын Мирзо Турсун-заде мындай деген: «Мени Дильшаддын ырлары суктандырды. Алар чыгыш адабиятынын салттык талаптарына ылайык эң сонун жазылып, лирикалуу жана ошону менен бирге кайраттуу келет». Анын кээ бир ырлары Надираныкы сыяктуу жеке турмушунун кайгылуу окуяларын чагылдырат. Бул акындын газелдеринде да чыгармачылыгынын орчундуу индивидуалдуулугу билинип турат.

Дильшаддын бир ырларында көрсөтүлгөндөй анын чыгармачылыгына социалдык тема да жаат эмес экени байкалып турат.


«Келгиле Чыгыш акындарынын айтышына катышып көрөлү!»


Акындардын чыгармаларынын үстүндө иштөөнү топторго бөлүп уюштурууга болот. Топтордун ар бири акындын ырлары же алар көтөргөн көйгөйлүү маселе боюнча иштейт. Балдарды акындардын лирикасы менен тааныштыруу жолу катарында адабий конок үйүн сунуш кылса болот.

Мындай учурда конок үйүнүн алып баруучусу, нечен кылымдар бою Чыгышта популярдуу болгон, мушоира – акындар айтышы формасын колдонсо болот:


^ Жылдыз толуп жанган кезде чатырап

Акындар бүт чакырылды айтышка.

«Кел, досум, сен, ортого чык ыр ырдап,

Акындардын мелдешине катыш», - деп,

Сөздүн пири эргүүнү алып келатат.

«Кең ааламда мен курамын салтанат,

Акын болуп төрөлгөндүн баарысын

Келсе мага дилгирлиги жетелеп.

Ыргактуу сөз кудурети таанылсын,

Уйкаш – айтыш, айкаш болуп жаңырсын.

Көзүңөрдөн эргүү оту чагылып,

Таасын ойлор бермет болуп табылып,

Ыр мелдеши күчөсүн дагы, дагы!

Акындын озсун улам шыктуулары,

Акыл-эс гүлдөй берсин, ой байысын,

Жез таңдай, калеми курч акындардын

Мен тандайм, Сөздүн пири, мыктыларын!»

Акындар чөйрөсүнө эргүү келди,

Көркөмдүк, чеберчилик деми менен.

«Келгиле, досторум!» - дейт Сөздүн пири,

Акындык өнөрү эми өркүндөсүн!

Сакталган бабалардан таберикти

Аздектеп, кир жугузбай биз өтөлү.

Акындык эмес экен калжың, эрмек,

Абийирдин, ар-намыстын ал тиреги.

Жек көрүү житиргендей жерге катуу,

Сүйүүбүз жүрөктөгү музду эритет.

Нукура чындык дайым – чүмбөтү жок,

Аздектеп аны турсун ааламдагы

Акындар мелдешинин чыгаандары –

Ошондо дүйнө ойгонуп, сергийт жаны.



Зульфия, 1958-ж.


Эгерде иш чараларда акындардын чыгармалары Хусрав менен Баласагындын чыгармалары менен бир убакта каралып жатса, анда мээ чабуулунан кийин балдар берилген акындардын чыгармалары менен кошо акын- айымдардын чыгармалары жазылган барактарды да алышат. Мындан ары сабак усулдук окуу китебиндеги сценарий боюнча уланат.


Чыгармачылыкка кирүү


Надира

1.

Жашагын толук кандуу – анан кеткин.

Дүйнөнү билгин таанып – анан кеткин.

^ Таш боорго жакындабай, аман кеткин.

Кайгыңды жеткире айтып – анан кеткин.

Жашоонун гүл багында мейман болуп,

Булбулдай гүлзардагы сайрап кеткин.

Көз жашка бул дүйнөнү чайып бүтүп,

Арманың ырга салгын – анан кеткин.

Жалганын бул жашоонун ашкерелеп

Жалбырак саргайганда – анан кеткин.

^ Сүйүшкөн ашыктардын түнөгү – бак:

Жолго аттан сен тезирээк, алыс кеткин.

Жашоого неге келдиң, максатың не?

Чечмелеп тереңирээк – анан кеткин.

Купуя сырың айтпай көпчүлүккө,

Жүрөктө бекем сакта – анан кеткин.

Махабат сапарына чык, Надира,

Берметтей көз жашың төк – анан кеткин!



2.

^ Дүйнөнүн жаркын айы, жылдызысың,

Күн дагы – сенин сулуу чагылышың.

Жан дүйнө сырын тилиң жашыра албайт -

Шараптын жалт-жулт этип чачырашы!

Кош далың жапкан чачың – эки жылаан

Кипарис дарагына чырмалгандай.

Көзүңдүн карагаттай нуру азгырат,

Сыйкырдуу күчү менен улам арбайт.


^ Сүйүүнүн наалуусунан тынчың кетти – Мени сен ишенбейт деп шектендиңби?

Жол кезсең, тогуз кабат асмандан бүт

Жарытып турат ай, күн кадамыңды.

Эрки бек, кайраты зор адам гана

Бел байлап учу-кыйырсыз сапарга да

Сени ээрчийт, кайыл болуп азаптарга.

Күнөөнүн арылтуучу бүт баарынан

Көктөгү күнүм сенсиң, көктөмүмсүң.

Надира сени гана бекем сүйөт,

Дүйнөдөй зор ишенич сенден күтөт.


3.

^ Балекет көп кездешкен жолдор балит – Акылман өтүгүнө кир жугузбайт.

Ачкөздүк туткунунда калгандардын

Этеги, жеңи дагы бүт булганат.

Бул дүйнө туу чокудан түзгө чейин

Булганып, былгып, быкшып кетсе дагы,

Тулкуңду, жан дилиңди таза карма.

Ак куудай кайкып учкан болуп изги,

Кымындай кир жугузба кирпигиңе.


^ Бул турмуш сыноосунан өтүү кыйын:

Намысын бирөө сактайт, бирөө тайып.

Шараптан өңүн көрсөң такыбанын,

Чыныда ирээнжиткен кир топтолот.

Надира, билип койгун, эки жүздүү

Булакка колун жууса балчык болот.


4.

^ Жүрөктүн тереңинде азабы айрылуунун.

Чекиттер – тамчы жашым, саптарым – кан тамырым

Күтүүнүн уйку бербес күчүнөн кетип тынчым

Көйнөгүм бүт тытылды, жыртылып, барчаланып.

^ Кумардын сыйкырына багынып, күдөр үзбөй,

Уйкусуз таң атырып, жакама кол карышат.

Кусалык демин алып шамал сен жеткирсеңчи,

Ашыгым билсин менин жалбырттап күйөрүмдү.

^ Дили таш болбосо эгер сезет ал сүйүү күчүн –

Махабат жалынынан күлүңдөйт жылдыздар да.


Жан шерик болор досум алыска неге кетет?

Көздөрүм тунарат го, жашоого калбайт арга.

^ Көрүшсөм бакыт кушу колума келип конот,

Сүйкүмдүү жылмайышы жүрөктү элжиретет!

Бирок менен жаңылыпмын: келаткан башка бирөө…

Сүйүктүүм эми мага кайрылып эч көрүнбөйт.

^ Ааламды кол алдымда бүт бойдон башкарсам да

Баш ийбей койо албаймын жүрөктүн буйругуна.

Бир гана күзгү шамал шыбырап койбосо эгер,

Надира тарткан азап айтылбай кала берет.


Увайси:

1.

^ Күйүттүн чөлүн кезет думанадай, баарынан кечип кеткен ашык Мажнун.

Фархадды неге салдың азаптарга, буздуруп нечен күндөр аска зоону.

Кайгынын көз жашына чөгөөрүмдө, жүрөгүм, айттың го сен: «Жашоо ушул!»

Акылман жаным, эми кайраттангын, бул тагдыр сокур экен, таарынбагын.


^ Махабат жеткен таш боор, баш кесердей – аябайт чындап сүйгөн ашыктарын.

Күзгү жел сапыргандай жалбыракты махабат Увайсини алсыратты.

О теңир, карөзгөйсүң, түрүң суук, душмансың дили таза адамдарга,

Кол жеткис бакыт эңсеп умтулганды каарданып, курмандыкка ыраа көрдүң.

^ Жалгыздык азабына салдың неге, жан бирге досторумдан ажыратып?

Күнүмдү түн кылдың го, эми дагы тагдырдын айландыргын жаргылчагын!

Каргаймын Навоинин шектенүүсүн ишенбес досум тирүү турган чакта –

Талашта эч болбосо угулсун дейм көөнөргүс эзелки сөз дагы кайра!

2.

^ Аялдын сүйүү укугун айта берем.

Жашыргыс жүрөк муңун айта берем.

Махабат кеткен кезде кайрылбастан

Дайрадай жаш төккөнүн айта берем.

Кусалык гүлүн дилден өнүп чыккан

Бапестеп кароо жолун айта берем.

Эсепсиз бүрүн ачат кайгы гүлү…


Жүрөгүм жашаймын дейт – айта берем,

^ Азаптуу жан кайгысы узак баян,

Үзүлгөн жиптей улайм – айта берем.

Байлыктан кол жуусам да баарын айтам,

Бактымдан айрылбайын – айта берем.

Кеч кирип, батыш жактан көк кызарып,

Аздан соң эринимди бойоп баштайт.

Махабат оту күйөт алоолонуп,

Жалынын жашыра албайм – айта берем!


3.

^ Кайгы, муң азабынан жаным күйөт, жаным күйөт.

Опосуз ушул заман – жаным күйөт, жаным күйөт.

Кас душман чапкан кылыч жүрөктү өтөт жарып.

Достордун аңкоосунан жаным күйөт, жаным күйөт.

^ Бул дүйнө гүлзарында түбөлүк кала албайбыз,

Тооруган кырсык жаман – жаным күйөт, жаным күйөт.

Кокустан тынчың кетип сайылып гүл тикени,

Ойдо жок жараатыңан жаным күйөт, жаным күйөт.

^ Коогалуу бул заманда тынчтык жок эч адамга,

Шумпайлар көп кутурган – жаным күйөт, жаным күйөт.

Зордуктан, опузадан көзүмдүн жашы көлдөй,

Жамгырдай тынбай жааган – жаным күйөт, жаным күйөт.

^ Жүрөгүм күн батарда солуган атыр гүлдөй

Жабыгып, кансыраган – жаным күйөт, жаным күйөт.

Онтоймун оор азаптан: кайрадан гүл ачылбайт,

Жүрөгүм жараланган – жаным күйөт, жаным күйөт!


^ Мааниси өзгөрүлгүс түшүнгүн сөздөрүмдү,

Кайгыдан бүт жаралган… Жаным күйөт, жаным күйөт.

Жан сырым жылдыз болсо, жарыгы – сага гана.

Оттуу сөз агымынан жаным күйөт, жаным күйөт.

^ Мен жакка койбо келбей, жашоомдун шаңы сенде.

Башкалар таштаса да өзүң ая – жаным күйөт.

Дартыма даба болор саламың айтып турчу,

Жалбырттап, жалындаган жаным күйөт, жаным күйөт.

^ Керемет сөз бермети – шыбырап угулса да

Тирилткен кереметин алкаймын, жаным күйөт.

Сүйүүдө бир ооз сөзүң чаңкоомду кандыра алат,

Ыраазы болгонумдан жаным күйөт, жаным күйөт.

^ Жүрөгүм кайра толкуп, тамырда кан ойносун!

Күн сайын алоолонуп жаным күйөт, жаным күйөт.

Күнөөдөн коркпо, күлүп, шаттыкты ырда, Увайси,

Тазарсын дили уккандын, жаны күйсүн, жаны күйсүн!


4.

^ Мүшкүлдүү тагдыр менен жашап келем, мен Увайси,

Андыктан муңдууларга санаалашмын, мен Увайси,

Бул жашоо жарык десем алдамчы, ташбоор экен,

Жийиркенип, жек көрөмүн жалганды, мен Увайси.

^ Арамза, такыбасынба – жектейсиң жакырларды,

Көзүңдөн сезип таасын, байкаймын, мен Увайси.

Куугунтук, азап-тозок – баарына кайыл болуп

Актыкка умтулгула, жол баштадым, мен Увайси.

^ Жылдыздай эсеп жеткис жандардын онтогонун

Чагылган жарыгындай туюнтамын, мен Увайси.

Акылман, айыптаба, сабырсыз болгонумду,

Махабат тозогуна чыдадым, мен Увайси..


Махзуна:

Мухаммас

^ Таңшыган булбул үндүү ырчыны чексиз сүйөм.

Төгүлүп нур жүзүнөн турчуну чексиз сүйөм.

Таажынын башындагы жаркынын чексиз сүйөм.

Шакеги жыпар жыттуу, ар бирин чексиз сүйөм.

^ Бактысы турган чалкыйт, толкунун чексиз сүйөм.

Ушундай сулуулукту көрө элек адамзаты.

Гүлдү да суктандырат сүйкүмдүү бой-турпаты.

Дымактуу, шайыр, бирок негедир көңүл бурбайт,

^ Байкабайт сүйөрүмдү алоолоп, күйүп-жанып.

Тозоку, шайтанбы ал, мынчалык неге сүйөм?

Сейилдеп бакка чыкса, көктөгү күндөн жаркын,

Көзүнөн жүз миңдеген күлүңдөйт күн нурлары.

^ Ууртуунун, эрининин ажайып таттуулугу:

Даамдап көргөн жанга уу татыйт кант менен бал.

Керилген жигиттер көп, бир гана сени сүйөм.

Мизиндей кош ороктун каштары кошулушкан,

^ Жыпар жыт чачыраткан тармалы көкүлүнүн.

Көздөрү тоонун эркин ойноок, шок элигиндей,

Нур жүзү – жайкы айдай көктөгү толукшуган.

Жараткан Кудай сени теңдешсиз эргүү менен.


^ Сымбатын көргөн кайың, тал, терек баары сүрдөйт:

«Көркөмдүү бою анык кипарис дарагындай!»

Келбетин келишимдүү, ажарын кереметтүү

Көргөндө таңданышат жандар бүт ааламдагы.

^ Баа жеткис кенчтин ээси, кайраттууну чексиз сүйөм.

Кулпурган гүл кийимчен кудайдын дал өзү ал.

Кабагын койсо чытып, каардуудан түшөт ашып.

Сага атап менден тартуу берметин Аден берет,

^ Сүйүнчү айткан жанды мен чексиз сүйсөм дагы,

Көзүмө жашка толгон көрүнбөйт баалуу белек.

Адамдар, Махзунаны көрө албай, кеп-сөз кылат –

Баары бир мында калбайм, сүйгөнүм ээрчип кетем,

^ Аткаруу ашык жардын – эңсөөсү бардык жандын.

Динчилдер жектесе да, тозокко мен кайылмын –

Чын дилден чексиз сүйгөн кылмыш же күнөө бекен?



Дильшад.

1.

^ Азапка толуп, бул дүйнө,

Асманга жетет арманым.

Жумшартпай, айтсам жашырбай

Чындыгын бөрү замандын,

Солк этет таш да, сөзүмдөн!


Фергана деген жергемде,

Кайгыга чөккөн бул өрөөн.

Тыным жок кечке эртеден,

Түнкүсүн жамгыр нөшөрлөйт

Көз жашым окшоп төгүлгөн.


Күн бетин жабат мунарык,

Нуру өчүп барат тунарып.

Кушумду бүркүт тыткандай,

Эзген куу турмуш уланып

Анжиян кедей элимде.


Ач кадырын ток билбейт –

Манчыркайт бийлер, казылар.

Токуучу согот шайы, атлас –

Кийими жука, карды ач.

Маргалан эли эзилген.


Бузуктар менен сойкулар

Үйгүшкөн иттей кутурат,

Жаштарды жолдон чыгарып.

Кудай, ай! Көрсөң болбойбу

Кокондо шишик, ириңди?


Наманганда шак ийип

Анары бышса багбандын,

Оозуна тийбейт даанасы –

Бай, бийге төгүп баарысын,

Ал жүрөт жыртык кемселчен.


Барно жазган мухаммас

Ушул кыска саптардын

Окурман өзү баамдасын:

Фергана биздин жергеде

Бактылуу болсун өмүрлөр.


2.

^ Кырсыктар тооруй берсе кадам сайын, түйшүктөн, убарадан эркин болгун.

Куу турмуш азабына калган сайын, кайгыга чөккөн жаман – эркин болгун.

Жашоодо ак-караны айрып билгин: досторуң менен кастар катар жүрөт.

Достордун колдоосуна таяна бил, касыңдын тоорушунан эркин болгун.

^ Дүйнөдө сонундардын бардыгынан жакшылык иштен өткөн таттуусу жок,

Шириндин болот бирок жаның үчүн кооптуусу заар, уудай – эркин болгун.



^ Тил деген сөөгү жок, балит сөздү айтуудан сактана жүр, баркың түшөт.

Ажаанга теңелбестен бийик болгун, курулай жаакташуудан эркин болгун.

Адамдык кадыр баркың болсо эгер ак жерден эч кимге сен айып такпа,

Жалаадан жаа бою кач, жалган айтпа, кишилик абийриңди бийик сакта,

^ Жаман ой, арам ниет – бүт бардыгын дилиңден күбүп ташта, эркин болгун.

Жебеңди мээлегенде таамай сунуп, бутага кайыбастан дал тийбесе,

Колуңа мындай жааны алба, Дилшад, тандоодо жаңылуудан эркин болгун.


3.

^ Колуңа калем ал да, казал жаз деп устаттар бизди ушундай үйрөткөн,

Жан дилиң менен эргип, анан жаз деп устаттар бизди үйрөткөн.

Өнөрдү талбай үйрөн, эл турмушун канык билип, кадиксиз, таасын сезип

Булбулдай миң кубулжуп күү сайра деп устаттар бизди ушундай үйрөткөн.

^ Бузуку, балит иштен алыс болуп, турпатын ырга салып асылдарды,

Мас кылган сүйүү күчүн даана жаз деп устаттар ушундай бизди үйрөткөн.

Наадандык кулу болбо, тагдырыңдын сыноосун чыдап көтөр сабыр кылып –

Наалыба эрки мокок байкуштардай деп устаттар бизди ушундай үйрөткөн.

^ Пейлиң ак, ниетиң түз – алыс жүргүн адалсынган бети жок «такыбадан»:

Акылың арамдыкка туткундалат деп устаттар бизди ушундай үйрөткөн.


^ Дос болбо мансапкорго бой көтөргөн, чиренген текеберге манчыркаган:

Аксымдык – жанга жабыр, күчүңдү алат деп устаттар бизди ушундай үйрөткөн.

^ Дайыма эл ичинде эмгектенип, калыс бол, таза жаша, адашпагын,

Элден азган өзүнчө шорго калат деп устаттар бизди ушундай үйрөткөн.

Калемди колго алып, эл турмушун ырдадым бар чындыкты дал өзүндөй,

Элестүү, эч бир жерин бурмалабай – устатым өзү үйрөтүп көрсөткөндөй.

^ Сүйүүнүн ташкындаган албуут сүрүн, Барно сен, эң таасирдүү жазам десең,

Тагдырын адам күткөн дааналап жаз деп устаттар ушундай бизди үйрөткөн.



4.

^ Күтүүдөн күйүп-жанып өтөбү курган жаным

Махабат жалынына кабылып кайра-кайра?

Кусалык туткунунда саргайтат сагынычым.

Тагдырга таарынычтан көз жашым аккан дайра.

^ Тоолорго, тоолорго, чөлдөргө сени издеп

Кыдырып кезип жүрөм кезигер жерди таппай.


Ай нуру төгүлгөндөй ажарың мага чачтың

Өрттөнүп жүрөгүм бүт, келсеңчи, зарыктырбай.

^ Сүйгөндүн азабын, сен дарыгер, билген болсоң

Сыркоомду ырбатасың – азаптан жаным тынбайт!

Коркуудан, кооптонуудан кутулду, Барно эркин,

Сүйүүнүн керемети тозокко кайыл – чыдайт.


Сабактын аягында чыгыш адабиятынын салттарынын күчтүүлүгүн баса көрсөтүп кетиш керек. Алар ушунчалык калыптанып калгандыктан, көп кылымдар бою ырлардын формасы (газель ж.б.түрүндө) көп темалары жана образдары өзгөрбөй колдонулуп келе берген. Мындай жагдай башка доордо жашаган акындардын жана акын-айымдардын чыгармачылыгын салыштырып, “кылымдар арасында кабар алышуусуна” мүмүмкүнчүлүк берет. Ар кайсы замандагы акындардын жана акын-айымдардын ырларында окшош жактары бар. Булар:сүйүүнү жана достукту эңсөө, өз заманына нааразы болуу жана идеалга умтулуу, бардык кылымдардын ар кандай муундагы адамдары менен өзүнүн ойлору, сезими менен бөлүшүү, ар бир адамга түшүнүктүү болууларын каалоо …


^ КЫЛЫМДАР АРАЛЫК ПОЭТИКАЛЫК КАБАР АЛЫШУУ …

Зульфия (XX кылым)


Жан дүйнөм – толкуп турган бакыт көлү

Азаптуу биздин заманда

Кайгы-муң толгон жан дүйнөм.

Увайси


^ Эй, достор! Кандай доор бул ажайып! Жан дүйнөм – толкуп турган бакыт көлү!
Залимдер эзүүсүнөн биз бошондук! Жан дүйнөм – толкуп турган бакыт көлү!


Келечек бүчүрлөрү ачылууда. Жан дүйнөм – толкуп турган бакыт көлү!

^ Аялдар теңдикке эми ээ болдук. Жан дүйнөм – толкуп турган бакыт көлү!

Ар бир күн поэманын ыр сабындай! Жан дүйнөм – толкуп турган бакыт көлү!


^ Эски доордун шордуу акын кыздары: жалаң кайгы-муңга толгон ырлары.

Көрүнчү эле жарык дүйнө түрмөдөй заманында кесепеттүү хандардын!

«Акыйкат түшкө гана кирет», - дешип арга таппай зарлап келген канча акын.

Замана таанылгыстай жаңыланды. Жарк этип жер бетине жарык жанды!

^ Таалайдын таңы атты жалпыбызга. Жан дүйнөм – толкуп турган бакыт көлү!


Узак мезгил Күн Чыгышта аялдар топуракка тебеленген гүл болду.

Бетпактар эзип келди, кордоп келди. Азабы оор күндөр унутулду.

Биз эми сокур тагдыр чидеринен бошонуп, жадырадык гүлдөй жайнап.

^ Таңшы, ыр! Алыска жетсин үнүң туулган жер эркиндигин даңазалап!

Кубанчым ыр сабына сыйбай турат. Жан дүйнөм – толкуп турган бакыт көлү!


Кырсыктар баштан өттү эсеп-сансыз! Ачуусун далай тарттым бул турмуштун.

Таалайым тоодой экен – куурабастан жаңыдан туулгандай эле болдум!

^ Бир кезде кайгы менен күн өткөрсөм, дүйнөгө бакыт үчүн кайра келдим.

Үн салып нур заманда кайкып уч деп, Мекеним чалгыны бек канат берди.

Ушундай зор дөөлөткө жеткенимде жан дүйнөм – толкуп турган бакыт көлү.


Эңсеген арманыма жеттим эми. Мекеним жогумду бүт таап берди.

^ Кыздардын, уулдардын баарына мен энелик арнаганмын мээримимди.

Эски доордо кароосуз байкуш элем. Мына эми жарык дүйнө – үйүм менин.

Кузгундай бузукулар тобуна мен кылычтай багыттадым курч сөзүмдү.

Теңдешсиз кубат берет туулган жерим. Жан дүйнөм – толкуп турган бакыт көлү.


^ Аттиңай, келип калса бир тирилип, Надира көрсө биздин доорубузду,

Замандын миң түрлөнгөн жаңылыгын ажайып ырга салса Махзуна да

Гүлчехра келип кошсо шаңдуу үнүн таалайдын күүсүн созгон бул шыгырга

Жүрөгүн уккан жандын уялаган теңдешсиз гимн жаңырмак салтанаттуу,

^ Көркөмү мазмун менен жуурулушкан… Жан дүйнөм – толкуп турган бакыт көлү.


Увайси! Асманыбыз ачык мына. Күн дагы нурун төгөт күлүмсүрөп!

Жоголгон бетпактар бүт жүзү кара. Бактылуу азыр бардык сүйүшкөндөр.

Бир кезде эрме чөлдөр какыраган ажайып бакка айланды гүлзары бар.

^ Көркөм сөз бүгүн куттуу. Берилгендик жана да абийирдүүлүк – биздин мыйзам.

Аялзат азаттыкка чыккан азыр!.. Жан дүйнөм – толкуп турган бакыт көлү!


1983


^ Жусуп Баласагын (XII кылым)


Жазганмын санатымды үмүт менен

Урпактар эстеп дуба кылат деген.

Колдо калем, оозумда шекер сөзүм

Колумду да, тилимди байлаар өлүм.

Көргөн-билген, башымдан өткөндөрдү

Акылманым, өзүң үчүн эскеремин.

Туулмак бар, өлмөк бар бул дүйнөдө

Жакшы деген сөз калат түбөлүккө.


Дилшад (XIХ кылым)


Билим жолу теспеси эмес шайыктын, китептен биз окуйбуз:

Тирүү жан! Адам деген наамга бийик дайыма бол татыктуу,

^ Алдамчы аңыз сөздү, жалгандарды кайдагы баарын унут,

Билимдин, дүйнө таануу мүдөөсүнүн мааниси – жалгыз чындык!”


Хосров (XI кылым)


Китеп жазып кооздукту мен жараттым,

Билимдин дүйнөсүнө жолду чаптым.

Керемет ыр берметин терип келип,

Ар сөздөн ажайып күч демин таптым.

Сөздөрдү ыргак менен сапка тиздим:

Жакшыны, намыстууну даңктап берсин.

Казына ачкычтарын тапшырамын,

Каалаган байлыгыңды ала бергин.

Сөздөрү Насир инб Хосровдун төп

Баа жеткис байлыктан да ашып түшөт.


Зульфия (XX кылым)


Жүрөктүн тереңинен чыккан сезим

Бүлбүлдөп күйгөн оттой жанып келет.

Бүрдөгөн, бүчүрлөгөн жазгы мезгил

Ажайып ыр саптарын алып келет.

Мага сен: “Акын – бул от”, - деген элең,

Мен дагы ушул ойду жактап келем.

Чын эле, ыргактагы жалын деми

Гүлгө да жаңы ачылган окшойт экен.

Дайыма чындык менен эң маанилүү

Ойлорду, таасирлерди жазсам деймин!

Ыргагы ыр сабында бакытымдын –

Жашырбай баарын ачык айта билем.

Эзелтен кудурети бар күчүмдүн

Эл менен тагдырлашмын, энчилешмин.


Эй досум, изгиликтин ак жалынын

Өчүрбөй жашай билсең сен бийиксиң!


Жыйынтык чыгарууда «Венн диаграммасын» колдонсо болот. Бул, четтери бири-бирин камтыгандыктан ортосунда баарын бириктирген бош оруну бар эки же үч тегерекче болот. Ортодогу, тегерекчелер кесилишкен жерде акындарга да, акын-айымдарга да тиешелүү болгон турмуштарындагы, чыгармачылыгандагы окшош жерлери жазылат. Ал эми кесилишкен тегерекчелердин сыртына ар биринин турмушка болгон көз караштары, чыгармачылыгынын өзгөчөлүктөрү белгиленет. .


^ Тарыхтан учкай сөз...


Кокон.

XVIII кылымдын башында Фергана өрөөнүндө Бухара эмиратынан бөлүнүп, Кокон хандыгы өз алдынча болуп калат. 1709-жылы Минг кокон династиясынын негиздөөчүcү өзбек Шахрух-бий салтанаттуу түрдө ак кийизге отургузуп «хандыкка» көтөрүлгөн.

Ошентип, XVIII–кылымдын аягында XIX-кылымдын башында Орто Азияда Хива, Бухара, Кокон деген үч хандык болгон. Алардын ортросунда, чек арасын кеңейтүү жана саясий-экономикалык үстөмдүккө ээ болуу үчүн тынымсыз күрөш жүрүп турган. Хандыктардын кайсынысы үстөмдүк кылып, хандардын кимиси башкарат деген суроо ар дайым талаш-тартышты туудуруп келген.

XVIII-кылымдын аягында Кокон хандыгы үстөмдүк кыла баштаган. Алим-хандын (1801-1811-ж.) убагында казактар талааларын көздөй экспансия башталып, Умар-хандын бийлиги учурунда (1811-1822-ж) да ийгиликтүү улана берген. Анын орун басары Мухаммед Али-хан (1822-1842-ж.) Чыгыш-Туркестанга кирип бул жактын саясий жана экономикалык турмушунда көрүнүктүү ордун ээлеп ала алган.

Ошондой эле, Кокон хандыгы кыргыздардын жерлерин алуу менен да өзүнүн чек араларын кеңейтүүгө умтулушкан. XVIII-кылымдын аягында ал Ошко жана Өзгөнгө талоончулук кол салуулусун ишке ашырган. XIX-кылымдын алгачкы жылдарында Кыргызстандын түштүгүн толугу менен өзүнө баш ийдирген. 1820-30-ж. түндүк Кыргызстан да Кокон хандыгынан көз каранды абалга келет. Ошол эле убакта Кокон хандыгы кадимки чыгыш деспотиясынын үлгүсү катары кала берген, анын «сааты жалпы дүйнөнүкүнөн бир нече кылымга артта калган».

1820—30 - жылдары Кокон хандыгында ички абал оордоп, сырткы экспансия коркунучу пайда болот. Хандын төрөлөрүнүн кысымы, эзүүcү, жаңы салыктын киргизилиши, пара алуулары, акчалай айыптары элдин кыжырын келтирген. Медресе, мечит, сарайларын куруу жана ирригация системеларын тартипте кармоо элдин абалын андан да оордотту. Жашоо турмушунун төмөндөшү ачарчылыкка алып келген. Бул элдик көтөрүлүшкө себеп эле.1840— 1841-жж. арасында бир нече элдик төңкөрүштөр болуп өткөн. Мухаммед Али-хандын жакшылап ойлонбогон саясаты кырдаалды бир кыйла оордотту. Хандын колундагы бийликти сакташ үчүн, Надира бир кыйла аракет жасаган.. Бирок ал хандыктагы феодалдардын пикир келишпестиктерин, өлкөдөгү кризисти, мамлекеттер арасындагы мамилелеринин курчугандыгын жеңүүгө алсыз болгон. Бухара үчүн бул жылдары Кокондун чек арасын кеңейтүү кооптуу болгон. Надиранын кылган иштеринен Бухара эмири жана анын жакын чөйрөcү чоочулай башташкан. Анын маданияттагы башталган иштери эмирдин кыжырын келтирбей койгон жок, ал отурган ордокалаа мусулман фанатизминин борбору эле.

Аял кишинин Кокондогу илим жана көркөм адабиятынын өнүгүшүн, өлкөнүн маданият иштерин башкаруусу реакциялык динди да тынчсызданырбай койгон жок. Феодализм шартында шарият аялдардын коомдук иштерине аралашуусуна тыюу салган. Мындай кырдаалда Надира жана башка акын-айымдардын адамды жогорку дэңгээлге көтөрүшү, аялдардын асылзаттык сапаттарын даңазалоо, алардын адамдык укугун коргоо, сабатсыздыкты жоюуга үндөө, өлкөнүн маданий ишине катышууга үндөшү жат угулган.

1842-жылы Бухара эмири Насрулла жалган шылтоону пайдаланып Коконго кол салган. Анын аскерлери шаарды басып алган. Бул Надиранын жана анын үй-бүлөсүн өлүмгө дуушар кылган, ушуну менен бирге Кокондун маданий доорунун жанданышы токтогон.


Өзбек адабияты.

XVIII – кылымдын экинчи жарымында Ферганада өз алдынча Кокон хандыгы түзүлгөн. Алимхан жана Умархандын (Умархан 1788-1822-жж.) убагында хандык экономикалык, саясий, маданий өнүгүшүндө жогорку деңгээлине жеткен. Умархан өзүнүн хан – сарайында 70ке жакын акын жана адабий ишмерлерин чогулткан. Алардын ичинен көрүнүктүүлөрү - Умархан өзү(псевдоними «Амир»), Фазли Намангани, Хазык, Махмур, Мухаммед Шариф, Гульхани. Ошол учурдагы адабият хан – сарайынын кызыкчылыгын гана чагылдыргын. Ага идеологиядык жактан жардылык, консервативдүүлүк, эротика мүнөздүү болгон. Мындай адабиятка Гульхани, Махмур жана Муджрим деген жазуучулардын демократияга багытталган чыгармалары каршы турган. Турмуштук жолун мончо жагуучу, мончочу кесибинен баштаган Гульхани өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Кийиинчирээк ал хан-сарайына куудул катары кирген. Анын «Зарбуль-масаль» деген чыгармасы өзбек адабиятынын өнүгүүшүндөгү жаңы этап болгон. Гульхани орто кылымдын адабиятына мүнөздүү болгон классикалык эрежелерди сактап, аны карапайым элге жакындатууга аракет кылган. Ал эзүүчү класстардын кара ниет жашоосун сындаган.

Өзбек адабиятынын тарыхында биринчи жолу Мазхуна, Увайси, Надира деген үч таланттуу акын-айымдар алдыга чыгат. Алардын ичинен эң таланттуулары Надира жана Увайси. Хан сарайындагы бул акындарынын чыгармалары Умархандын буйругу менен «Маджмуатушшуара» аттуу антологияга жыйналган. Умархандын баласы Мазалихан (1808-1843) көрүнүктүү акын болгон. Ага Физули деген белгилүү азербайжан акыны таасир эткен. Мазалихан өзүнүн бир ыр жыйнагын жана “Ляйли менен Мажнун” аттуу бүтпөй калган поэмасын калтырган.

XIX-кылымда үч хандыктын ортосунда Орто Азияда үстөмдүк кылуу үчүн согуш жүргөн. Уруу аралык, ич ара чатактар курчуп, маданият иштери солгундай баштайт...

^ Алим Шарафутдинов http://feb-web.ru/feb/litenc/encyclop/leb/leb-4871.htm


Чакан сөздүк


Анка – мифтик Каф тоосунда жашаган легендарлуу куш

Гендер (gender) – белгилүү жыныстык ролдорунун аткарылышын талап кылган жүрүм-турум нормасынын системасы; ошого жараша белгилүү бир коомдо “эркек” жана “аялга” эмне таандык деген бир канча түшүнүк пайда болот. Гендер, жыныстык түшүнүгүнөн айырмалуу, жалаң гана эркек менен аялдарды айырмалап турган физиологиялык касиеттерин албастан, туруктуу болуп калган “кайраттуулук” (masculinity) жана “аялдык” (feminity) деген социалдык белгисин алат.

^ Гендер теңдиги. Маданий, саясий, социалдык, экономикалык, улуттук өнүгүүгө өз салымын кошууга жана алардын жыйынтыктары менен пайдаланууга эркектер, да аялдар өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүн жана укугун ишке ашырууга тең укуктуу дегенди билдирет. Азыркы убакта “теңдик” түшүнүгү, бирдей(тең) жыйынтыкка жетүү үчүн, эркектерге жана аялдарга ар башка мамиле керек экендигин эске алат.

Атуулдук. Мамлекет, коом, эл алдында парзын жана атуулдук милдетин эстүү, жигердүү аткарган, өзүнүн укугун эстүү колдонгон, мамлекет мыйзамдарын урматтаган, аларды так сактаган инсандын руханий сапаты.

Газель ( арабчадан. «токуу» – кийинчерээк бул сөз “даңктоо” деген мааниге ээ болгон) – «перс-тажик поэзиясынын канышасы». Газелдин катуу талаптуу канону бар. Ал өз алдынча болгон ыр-бейттерден турат. Бейт эки сап ырды (мисраны) өзүнө камтыйт. Газелде бейттердин саны 4төн 22ге, көбүнчө жети же тогузга, чейин жетет. Газелдин мазмуну сүйүү сезимин чагылдырууга, махабат сезимин таткан жүрөк азабын, сүйгөн жарынын таш боорлугун, айлакерлигин сүрөттөөгө арналган.

Диван – ыр жыйнагы. Адатта Диванда ырлар төмөнкү иретте жайгашкан: касыддар, газелдер, кыталар, рабайлар (рубаи), андан кийин сап формасы башкача ырлар.

Зебуннисо (Зебунниса, 1638-1702 жж.) – Бабуриддер династиясына таандык акын. Делиде туулган. Ал акын, илимпоздордун жетекчилигинде тарбияланып, араб тилин үйрөнүп ыр жазуу ыкмаларын, музыка искусствосун, мыйзам жүргүзүү ишин, логиканы өздөштүрөт. Тарых менен философияга да кызыккан. Зебунниса жашаган чөйрөсүн байкап, заманындагы үстөмдүк кылган, адамдын эркин бузган шарттарга өзүнүн каршылыгын айткан. Акын өзүн эли менен биримдигин терең сезген: «­­өкүмдардындын кызы болсом да, жүзүмдү карапайым элиме каратам”. Ал өз элинин эсинде адамкерчиликти, турмушка, табиятка сүйүүсүн даңктаган акын катары сакталып калган. Акындын чыгармалары анын ата-бабаларынын мекенине жетип, өзбек элинде сүйүктүү болуп келет. Акын өз доорунун салты боюнча перс-тажик тилдеринде да ырларын жараткан. Анын чыгармалары Индияда, Иранда, Афганистанда, жана Орто Азияда кеңири белгилүү.

Зульфия (өз аты жана фам. Зульфия Исраилова) (1915 – 1996 жж..)-өзбек акыны, Өзбекстандын эл акыны (1965), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1984). Зульфиянын лирикалык поэзиясы эмгекчил аялдын образын чагылдырат. “Жүрөгүмө жакындар” аттуу ыр жыйнагы (1958), "Ойлор” (1965), "Жолугушуу" (1972); "Эскерме саптары" китеби үчүн(1974) жана “Көк желе” цикли – СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы(1976) ыйгарылган.

Касыда – европа одаларынын аналогу. Адатта касыда бирөөнү же даңктаган, же мыскылдаган.

Мухаммас – перс же түрк поэзиясынын ыр формасы. Газелден айырмаланып, ал бейттен эмес беш сап ырдан (строфадан) турат. Мазмуну жагынан мухаммас – философиялык мүнөздөгү, кээде “тиричиликтин пайдасыздыгы” темаларын камтыган ырлар.

^ Рубаи – адатта, 1,2 жана 4-саптары уйкашкан санат сөздүү төрт сап ырлар.

Суфийлер (арабчадан. «тамтыгы жок кийимчендер») – исламдын мистикалык багыты Традициялык поэзияда суфий образдары көп колдонулган.

Фазли Намангани – Көптөгөн акындарды өзүнө жакындатып алган Надиранын күйөөсү Умар – хандын чөйрөсүнө тиешелүү болгон. Хан-сарайы пэзиясынын багыт башчысы болгон.

^ Фархад – Ширин сулууга ашык болгон карапайым таш сомдоочу. Фархад жана Шириндин махабатын Низами, Навои ж.б. даңазалашкан.


Адабият:


Өзбек элинин маданиятынын байлыгы Лондондо – http://jahon.mfa.uz/print.php?sidү6007


Зульфия. Избранное. – М.: 1985


Кадырова М. Надира.Чыгармачылык жана өмүр очерки. – Ташкент. - 1967.


Кер-Оглы Х.Г. Өзбек адабияты. – М.: 1968


Надира. Увайси. Өмүр баяндары– http://www.literature.uz/russian/poetwriter.php?poetidү34&periodidү3


Насир Хосров. Лирика. – М.: 1979


СССР элдеринин поэзиясы IV – XVIII- кылымдары. – М.: 1972


Өзбекстан акындары. – Л.: 1977


Бермет булагы: перс-тажиктердин классикалык поэзиясы. – М.: 1982.


Кылымдар свитогу: XIII – XX- кылымдардагы классикалык түрк поэзиясы – Л.: 1991.


Поэтикалык терминдер сөздүгү Өтүз. А.П. Квятковский. Ред. С.М. Бонди. – М: 1940.


Өзбек адабияты. – http://feb-web.ru/feb/litenc/encyclop/leb/leb-4871.htm


Өзбек акын-айымдары. - http://www.eastpage.narod.ru/biogr/uzbpw.htm


Ставская Л.Г.


^ УЛУУ МАНАСЧЫ САЯКБАЙ КАРАЛАЕВ

Жогорку класстын мектеп окуучулары үчүн, жогорку окуу жайынын, колледждин 1-2-курсунун студенттери үчүн көп маданияттуу жана көп тилдүү билим берүү (поликультурное) контекстиндеги тарбиялык иш чарасы


Форматы:

Класстык саат же тематикалык сабак бул иш чаранын ыңгайлуу форматы боло алат. Аны тарых, адабият, коом таануу, дүйнөлүк маданият тарых сабактарында же интеграция сабагы катары өтсө болот. Мындан тышкары, жетекчинин ыктыяры боюнча, класстан тышкаркы ишчара катары да өтүүгө мүмкүн. Анын эффективдүүлүгү ишчаранын өтүү убактысында гана эмес, аны даярдоо учурунда да окуучулардын активдүүлүгү менен байланыштуу болот. Окуучулар көрсөтмө куралдарды, интерактивдүү көнүгүүлөрдү жана фактологиялык материалдарды даярдоого катыша алышат.

Материалдын жана форматтын көлөмүн тандоо иши ишчаранын жетекчисинин өз эрки. Бирок автордун ою боюнча, билим берүү аракетинин ыраттуулугунда түзүлүп, ички логикасы константатуу болуш керек. Бул окуучулардын алынган маалыматты түшүнүү, өз ишине баа берүү, темагаӨмаселеге толук чөмүлүү, рефлексия (жетишилген жыйынтыктарга анализ өткөрүү жана ага жетүүнүн усулдары, жаңы маалыматка кирүү иши) дегенди билдирет.

Өткөрүү убактысы боюнча ишчара лекция мөөнөтүнө же бириктирилген сабак – 80-90 мүнөкө ылайыкталган.


^ Тарыхый маалымат


“Манас” эпосу IХ-кылымда Борбордук Азияда Кыргыз каганаты түзүлүп жаткан учурда пайда болгон. Ошондуктан кыргыздардын эркиндик жана көз карандысыздык үчүн Улуу согушу-чоң казатта эпостун өзөгү болуп калган.

ХVI-к. Эпос жаңы территорияда (Батыш Тянь-Шаньда) жаңы миссиясы менен кайрадан жаралат. Эми кыргыздарга кайрадан өзүнүн көз карандысыздыгын сактап калууга туура келген. Бирок аны ишке ашыруу үчүн, кыргыз уруулары аракеттерин, күчтөрүн бириктириши керек эле. Эпостун негизги идеясы биргелешүүгө умтулуу, өз алдынча көз карандысыз мамлекетти түзүү болгон.

Бул максат ХVII –ХIХ – кк. бою өз актуалдуулугун сактап келген.

ХХ-к. улуттук аң - сезимдин кайра жаралуу жана суверендүү Кыргызстанды түзүү процессинде “Манас” эпосу кайрадан улуттук идея болуп калат. Анын негизинде улуттун менталитетин түшүнүү келип чыгат.

“Манас” эпосу пайда болгондон тартып оозеки түрүндө сакталып келген. Эпос боюнча биринчи манасчы Манастын жигиттеринин арасынан чыккан. Манасчылар эпосту биздин заманга чейин гана сактап жеткирбестен, анын өнүгүшүнө жана конкреттүү тарыхый доорго ыңгайлаштырууга өбөлгө түзүшкөн. Ошондуктан, кыргыз элинин руханий мурасын сактоодо манасчылардын ролу баа жеткиз.

Бүгүнкү күнү “Манас” эпосу - дүйнөлүк мааниге ээ болгон эстелик. Бул дүйнө жүзүндөгү эң чоң эпос. Эпостун бизге белгилүү варианттары ХХ-кылымдын биринчи жарымында, залкар манасчылар Сагымбай Орозбаков жана Саякбай Каралаевдан жазылып алынган.



^ Машыктыруу оюну.


Максаты: достук, чыгармачылык чөйрөсүн түзүү жана ишчаранын темасына “алып баруу”

Өтүү мөөнөтү:: – 10 мүнөт

Машыктыруу оюну үчүн керектүү куралдар алдын ала даярдалат: футбол тобуна окшогон, сырткы бети сегменттерге бөлүнгөн топ Ар бир сегментке түркүн элдердин тынчтык, достук, биргелешкен иш, меймандостук жөнүндө макал – ылакаптары жазылган. Топту эртерээк камдап коюу үчүн, окуучуларга алдын ала ушундай макалдарды таап келгиле деген үй тапшырма берилет. Ар кайсы элдин макалдары мугалимдин байкоосу менен оюнга тандалат да, окуучулардан берилген этностор боюнча чакан маалымат даярдап келүүсүн суранат. Топтун ордуна глобусту же кол менен тоголок шар жасап, бетине ар улуттук кийим кийген адамдарын сүрөтүн тартып койсо болот.

Оюн учурунда балдар тегерете турушат да алып баруучудан баштап топту бири-бирине бере башташат. Колуна топ тийген окуучу макалды окуйт. Ал эми аны сунуш кылган окуучу, макал кайсы элге таандык жана ал эл жөнүндө чакан маалымат берет. Топ тегерете турган окуучуларды айланып, ар биринин колунда болуп чыгышы керек.

Машыктыруу оюну өз максатына жетиш үчүн, мындай суроолорго жооп бериш керек: окуучулар оюн учурунда өздөрүн кандай сезишти, макалдардын ичинен кайсынысы достук, кызматташтык сезимине өбөлгө түзүп берди? Ар биринин жообун уккан соң, алып баруучу окуучуларга өз ордуларына өтүүнү сунуш кылат.


^ Маекти баштайбыз…


Максаты: берилген тема боюнча окуучулардын билим дэңгээлин активдештирүү.

Өтүү мөөнөтү: 20 мүнөт

Мугалим ишчара өтүүчү класс бөлмөсүнүн уюштурулушуна көңүл бурушу керек. Айлана- чөйрө машыктыруу оюну, жалпы жана чакан топто иштөөнү, фильм көрүүнү оңой эле уюштуруу үчүн өзгөрүүгө ылайык болуш керек. Мындан тышкары, дубалдарга, тактага «Манас» эпосу боюнча айтылган ойлор жазылган плакаттарды (баннерлерди) жана манасчылардын портреттерин илүүгө мүмүнчүлүк болуш керек.

Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин чыгармачылыгы жөнүндө сөз баштоодон мурун мугалим төмөнкүдөй суроо берет:

«Манас» эпосу жөнүндө силер эмне билесиңер?

Жооптор флипчартка же доскага жазылат. Жоопторду талкулоо учурунда мугалим окуучуларды эпостун маанилүүлүгү жана анын дүйнөлүк маданиятындагы орду, ошондой эле эпостун сакталышы жана өнүгүшүндө манасчылардын ролу сыяктуу негизги учурларга алып келет.


^ Мугалимдин усул казынасына

Руханий маданият – салттык этника маданиятынын ажырагыс бөлүгү.

Эпикалык эстеликтер улуттук гана эмес, жалпы адамзаттык баалуулукка ээ. Эң негизгиси, алар аны жараткан элге өзүнүн түпкү тамырын түшүнүүгө, улуттук аң-cезимин бекемдөөгө жардам берет. Эпикалык поэмалардын, баяндардын негизинде чыгармалардын руханий жактан өзүнө тартып, дем берген күчүн, ошондой эле, нечен муундарда ооздон оозго өтүп сакталышын, аны менен бирге, адамдын жүрөгүнө, аң-cезимине жеткен, түбөлүккө жандуу калган образдары менен байланышканын көрсөтсө болот.

Берилген топтун дүйнө таануусунун жана коллективдүү тажрыйбасынын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу - эпостун негизги максаты.

Эпостор – бул тарыхты түшүнүү боюнча биринчи аракет. Эпос байыркы мифтердин эл, тил, мамлекеттик диндин пайда болушу менен тыгыз байланышканын көрсөтөт. Ал биз үчүн нечен кылымдар бою жүрүп келген көчмөн турмушу менен уруу аралык согушунан кийин жаралган эл жөнүндө, ал элдин Борбордук Азиянын тарыхында маанилүү рол ойногонго туура жөнүндө баянын сактап келген.

«Манас» кыргыздардын оозеки мурасынын бир бөлүгү гана болбостон, ошону менен бирге кыргыз элинин руханий маданиятынын жаркыраган эстелиги. Нечен кылым бою «Манас» кыргыз элинин маданий турмушунда чон роль ойноп келген жана элдин өзгөчө оозеки летописи болгон.

«Манас» эпосу элдик оозеки чыгармаларынын дүйнөлүк шедеврлер арасында өзгөчө орунду ээлейт .Эпос кыргыз элинин өзүнчө көз карашын, бай тарыхын, кулк – мүнөзүн , каада - салтын турмушун чагылдырган кыргыз жомокторун жана уламыштарын өзүнө камтыган уникалдуу энциклопедия. Бүгүн эпос кыргыз улутунун биримдигинин, улуттук маданиятынын, аң – cезиминин, рухунун кайрадан жаралышынын символу болуп калды.

Кыргыз эли нечен кыйынчылыктардан, каатчылыктардан өтүп, индивидуалдуу интерпретациясынын түрдүүлүгү аркылуу «Манас» айтуу салтын байытып муундан муунга эпосту сактап келген. Эпостун кээ бир варианты миллион сапка чейин жетет. «Манас» эпосу адам оюнун, жашоосунун, көркөм баалуулугунун океаны, кыргыз элинин турмушунун хрестоматиясы. Эпос Энесай жана Түштүк Сибирден Борбордук Азиянын Тянь – Шань тоолоруна чейинки мейкиндигинде түзүлүп, башка маданият менен өз ара аракеттешүүдө болгондуктан, жалаң гана кыргыз элинин эмес бүт Евроазиянын руханий мурасы деп каралса да болот.

Окуучулардын жалпы топто талкуулоосунан кийин мугалим баарына көрүнгүдөй кылып тактага же дубалга “Манас” жөнүндө айтылган сөздөрдү илет.



«Кайсы гана окуя, кубулуш, же этнографиялык факт болбосун, эпосто кайрадан чыгармачылык менен өзгөртүлүп, поэтикалык жактан иштелген формада берилгенин эстен чыгарбаш керек. Ушул маанилүү кырдаалды эсепке алганда, эпостогу маалыматтар чоң кызыгууну жаратат. Себеби, алар кыргыз элинин маданиятынын тарыхын таануунун жаңы барагын гана ачпастан, этнографтарга байыркы элдин жалпы тарыхын түшүнүү үчүн мол материалдарды да бере алат.

С.Абрамзон.


«Бул зор эпопеяда кыргыздардын турмуш – тиричилиги, салты, мүнөзү, географиясы, диндеги, медицинадагы билими жана эл аралык катнашы чагылдырылган.

Ч.Валиханов





Download 1,53 Mb.
leave a comment
Page1/4
Date conversion17.10.2011
Size1,53 Mb.
TypeДокументы, Educational materials
Add document to your blog or website

страницы:   1   2   3   4
отлично
  1
Your rate:
Place this button on your site:
docs.exdat.com

The database is protected by copyright ©exdat 2000-2014
При копировании материала укажите ссылку
send message
Documents

upload
Documents

Рейтинг@Mail.ru
наверх